Азырынча Visa Direct / Visa+ жеке жактарга гана жеткиликтүү. BAKAI бизнес-кардарлар үчүн акча которуулардын башка сервисин колдонууну сунуштайт, аны Банктын жакынкы бөлүмдөрүнөн тактасаңыз болот.
Кадимки карталар аралык которуулардан айырмаланып, Visa Account эсептен эсепке иштейт жана карта аркылуу которуу чектелген өлкөлөргө акча жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кызмат ар кандай өлкөлөргө, анын ичинде АКШга жана Кытайга (WeChat Pay жана Alipay аркылуу) акча которууга мүмкүндүк берет.
Visa Account — бул банк картасына байланыштырылбастан, эсептен эсепке түздөн-түз чет өлкөгө акча которууга мүмкүндүк берген эл аралык которуу кызматы.
BakAi тиркемеси аркылуу:
Ооба, сиз салуучу колдонгон кызматка жараша эки ыкма менен акча которто аласыз:
Эгерде салуучу Visa Direct колдонуп сиздин BAKAI’тан Visa картаңыздын номерин терсе анда чет өлкөдөн акча котортуп ала аласыз. Мындай которуулар АКШ доллары менен гана келип түшүп, Банктын курсу менен картанын валютасына конвертацияланат.
Эгерде салуучу КМШ мамлекеттеринин биринде (мисалы, Казакстан, Беларусь, Украина ж.б.) болуп Visa+ту колдонсо анда сиз телефон номериңиз аркылуу Bakai Bank’тын картасына акча которууларды ала аласыз.
Бул үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
Мындай акча которуулар дагы АКШ доллары менен гана келип түшүп, алуучунун картасынын валютасына Банктын курсу боюнча конвертацияланат. Ошол эле учурда сиздин картаңыздын номерин билүү талап кылынбайт – телефон номер гана жетиштүү.
Кыргызстандагы кайсы банктар Visa+ кызматына кошулган?
2025-жылдын июнь айына карата Visa + (телефон номер боюнча) аркылуу КР ичинде BAKAI менен төмөнкү банктар аралык акча которуулар жеткиликтүү:
Банктардын актуалдуу тизмеси жаңыланат.
Эгерде сизге Visa Direct же Visa+ аркылуу акча которуулар түшпөгөн болсо төмөнкү аракеттерди жасаңыз:
3. Валюта менен лимиттерди текшериңиз
Бир телефон номерди бир гана банкка байлоого болот. Жаңыдан байланыштырган учурда мурдагысынан автоматтык түрдө ажыратылат.
Visa Direct — Visa картасынын номери аркылуу картадан картага заматта акча которгон эл аралык кызмат. Сиз система иштеген каалаган өлкөңүзгө Visa картасына түз акча которо аласыз. Досторуңузга, туугандарыңызга алар башка банктын VISA картасын колдонсо дагы ошол VISA картасына тез жана коопсуз түрдө акча которо аласыз
Актуалдуу өлкөлөрдүн тизмеси туруктуу жаңыланып турат.
Visa Direct / Visa+ аркылуу акча которуулар адатта 24/7 режиминде бир нече секунд ичинде ишке ашат.
Visa+ — бул КМШ өлкөлөрүндө Visa картасына телефон номер аркылуу акча которуулар сервиси. Ушул тапта акча которуулар төмөнкү өлкөлөрдө ишке ашат:
Банктын кошулганына карата тизме кеңейтилет.
|
Шарты |
Кыргызстан боюнча акча которуулар |
КРдан башка мамлекеттерге акча которуулар |
|
Валюта |
Сом менен гана (KGS) |
АКШ доллары менен гана (USD) |
|
Комиссия |
0% (2025-жылдын аягына чейин) |
1% (минималдуу 2 АКШ доллары) |
|
Минималдуу сумма |
10 сом |
2 АКШ доллар |
BAKAI сом жана доллар менен акча которууларды ишке ашырат. Которуунун валютасы картаны түзмөктөөгө жана акча которуунун багытына жараша болот.
Ооба, бардык акча которуулар Visa жана BAKAI технологиялары менен корголгон, анын ичинде шифрлөө жана операцияларды SMS-коддор аркылуу тастыктоо каралган.
Жок, Visa Direct / Visa+та акча которуу тастыкталары менен ал ишке ашырылды деп саналат жана жокко чыгарууга болбойт. Маалыматтарды терүүдө кылдат болуңуз.