3 ноябрь 2026
«1 сомго кофе» акциясы аяктайт
«1 сомго кофе» акциясы аяктайт

10 миңден ашуун кофе жана ошончо жылмаюу - BAKAI менен PAUL биргелешип, «Жылмаюу менен төлөө» кызматы аркылуу өткөргөн акция мына ушундай жыйынтык берди.

Акцияга катышып, төлөөнүн жаңы ыкмасын сынап көргөн жана демилгебизди колдогон бардык кардарларыбызга ыраазычылык билдиребиз.

Акцияга болгон кызыгуу биз күткөндөн да жогору болду. Буга байланыштуу «1 сомго кофе» акциясы 2026-жылдын 5-ноябрында аяктайт. 5-ноябрь - акциянын акыркы күнү.

Бизге ишеним артып, акцияга жигердүү катышып, BAKAIдын жаңы кызматтарына кызыгуу көрсөткөнүңүздөр үчүн рахмат. «Жылмаюу менен төлөө» кызматынын кардарлар тарабынан абдан жылуу кабыл алынганы биз үчүн өзгөчө маанилүү.

BAKAI жана PAUL менен бирге бул жагымдуу учурларды бөлүшкөнүңүздөр үчүн рахмат
 

Жеткиликтүүлүк жөндөөлөрү

Көрсөтүү

Кошумча жөндөөлөр