
2026-жылдын 1-сентябрынан 30-сентябрына чейин китеп дүкөндөрүндө BAKAI банкынын Visa же Элкарт+ картасы менен төлөсөңүз, 10% кешбэк картаңызга акчалай түшөт. Жаңы окуу жылынын башталышы — балдарыңызга китеп алып берүү, үйүңүздөгү китепканаңызды толуктоо же көптөн бери окуйм деп жүргөн китебиңизди тандоо үчүн эң сонун учур.
10% кешбэк алуу оңой: китеп дүкөнүндө BAKAI банкынын Visa же Элкарт+ картасы менен POS-терминал аркылуу же онлайн төлөсөңүз жетиштүү.
Окуу китептери, балдар адабияты, жаңы чыккан көркөм чыгармалар, бестселлерлер же сүйүктүү классика — кайсынысын тандабаңыз, сентябрь бою китеп сатып алуу мурдагыдан да жагымдуу болот.
BAKAI карталарынын артыкчылыктары китеп дүкөндөрү менен эле чектелбейт. Учурдагы кешбэк программасы боюнча бардык сатып алууларга 1%, ал эми интернет аркылуу сатып алууларга 3% кешбэк берилет.
BAKAI Visa карталарынын ээлери Apple Pay аркылуу дагы ыңгайлуу төлөй алышат. Картаңызды Apple Wallet колдонмосуна кошуп, iPhone же Apple Watch менен төлөңүз. Акциянын шарттарына ылайык, китеп дүкөнүндө Apple Pay аркылуу төлөгөндө да 10% кешбэк аласыз.
«Сентябрь менен бирге жаңы окуу жылы башталып, жаңы пландар түзүлүп, жаңы билимге жол ачылат. Биз кардарлар керектүү нерселерди сатып алуудан ырахат гана албастан, акчаларын да үнөмдөшүн каалайбыз», — деп белгилешет BAKAI өкүлдөрү.
BAKAI картаңыз али жокпу? Visa же Элкарт+ картасын BAKAI мобилдик банкы аркылуу же банктын бөлүмдөрүнүн биринде тариздеп, күнүмдүк сатып алууларда көбүрөөк үнөмдөңүз.
Акциянын жана кешбэк программасынын толук шарттарын банктын расмий сайтынан көрө аласыз:
https://bakai.kg/cashback/