1 июль 2026
BAKAI Камсыздандыруу: такси жана жүргүнчүлөрдү ташуучулар үчүн жүргүнчүлөрдү милдеттүү камсыздандырууга 30% кешбэк
BAKAI Камсыздандыруу: такси жана жүргүнчүлөрдү ташуучулар үчүн жүргүнчүлөрдү милдеттүү камсыздандырууга 30% кешбэк

2026-жылдын 1-июлунан тартып Жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полисинин (ОСГОПП) болушу Кыргызстандын бардык жүргүнчү ташуучулары үчүн милдеттүү талап болмокчу.

BAKAI Камсыздандыруу BAKAI мобилдик банкынан бир жылдык ОСГОПП полисин сатып алууда 30% кешбэк кайтаруу акциясын ишке киргизет. Акция 2026-жылдын 18-июнунан 1-сентябрга чейин аракетте болот жана ташуучуларга мыйзам талаптарын аткаруу менен бирге, төлөгөн каражатынын бир бөлүгүн кайра эсепке кайтарып алууга мүмкүнчүлүк берет.

Мисалы:

Бир жылдык полистин баасы 410 сом (шаар ичиндеги жеңил такси үчүн)

30% кешбэк – 123 сом дароо эсебиңизге кайтарылат.

ОСГОПП деген эмне жана ал эмне үчүн керек?

ОСГОПП – бул ташуучунун күнөөсү менен болгон жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында жүргүнчүлөр жаракат алган же каза болгон учурда аларды коргоону камсыз кылган милдеттүү камсыздандыруу полиси.

Мыйзамдарга ылайык, ОСГОПП төмөнкү жүргүнчү ташуучулардын бардыгы үчүн милдеттүү:

✔️ таксилер жана таксопарктар

✔️ кичи автобустар жана маршруттук таксилер

✔️ автобус жүргүнчү ташуучулары

✔️ шаар аралык жана эл аралык ташууларды жүзөгө ашырган компаниялар

ОСГОПП эмнелерди камтыйт?

Полис ташуу учурунда жүргүнчүлөргө зыян келтирилген учурда камсыздандыруу төлөмдөрүн карайт:

✔️ жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян

✔️ жүргүнчүлөрдүн мүлкүнө келтирилген чыгым

✔️ ташуучунун каржылык жоопкерчилиги

ОСГОПП таризделбесе эмне болот?

2026-жылдын 1-июлунан тартып полистин жоктугу төмөнкү кесепеттерге алып келиши мүмкүн:

❌ лицензия алуудан же аны узартуудан баш тартылуусуна;

❌ айып пулдарга;

❌ ташуу ишмердүүлүгүнө чектөөлөрдүн киргизилишине;

❌ толук каржылык жоопкерчиликти ташуучу өзүнө алуусуна.

ОСГОПП полисин кантип онлайн тариздөөгө болот?

Полисти BAKAI мобилдик банкында бир нече мүнөттүн ичинде онлайн тариздөөгө болот.

«Сервистер → Камсыздандыруу → Жүргүнчүлөр» бөлүмүнө өтүңүз. Полисти тез, ыңгайлуу жана кеңсеге барбастан алыңыз.

BAKAI Камсыздандыруу акциясы

BAKAI мобилдик банкында бир жылдык ОСГОПП полисин сатып алган кардар эсепке реалдуу акча түрүндө 30% кешбэк алат.

Акциянын мөөнөтү: 2026-жылдын 18-июнунан 1-сентябрына чейин.

BAKAI Камсыздандыруу ташуучуларга жаңы талаптарга жеңил, тез жана пайдалуу түрдө даярданууга жардам берет.

Жеткиликтүүлүк жөндөөлөрү

Көрсөтүү

Кошумча жөндөөлөр