
«BAKAI жана Шоро менен жай мезгили» акциясынын июнь айындагы жыйынтыгы чыгарылды. Бир ай бою жума сайын кардарлардын арасынан AirPods 4 жана iPhone 17 Pro Maxтын бактылуу ээлери аныкталып жатты. Ал эми айдын жыйынтыгында башкы байге - AirPods Maxтын ээси аныкталды.
Июнь айында дагы бир нече бактылуу жеңүүчү аныкталды.
• AirPods 4кө ээ болгондор: Канат О., Рустам В., Бекмат Д. жана Вадим Г.
• iPhone 17 Pro Maxка ээ болгондор: Данияр А., Самат Т., Нурзада Ч. жана Евгений К.
• Ал эми июнь айынын башкы байгеси - AirPods Max - Султанбек А.га буюрду.
Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана бул жай мезгили дагы да жаркын учурларга бай болушун каалайбыз!
Белектер муну менен эле бүтпөйт: «BAKAI жана Шоро менен жай мезгили» акциясы 2026-жылдын 31-августуна чейин уланат. Алдыда - жаңы жумалык утуш оюндары жана жаңы жеңүүчүлөр.
Катышууну улантыңыз, жыйынтыктарга көз салып туруңуз жана BAKAI менен Шоро өткөргөн акциянын кийинки жеңүүчүлөрүнүн катарында болуу мүмкүнчүлүгүңүздү колдон чыгарбаңыз.