15 ноябрь 2026
BAKAI «BAKAI UFC чемпиону бол» акциясынын жеңүүчүлөрүн сыйлады
BAKAI «BAKAI UFC чемпиону бол» акциясынын жеңүүчүлөрүн сыйлады

UFC GYMде «BAKAI UFC чемпиону бол» акциясынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Күнүмдүк соода-сатыкта банк картасын колдонуп, банктын кызматтарынан активдүү пайдаланган катышуучулар спорттук байгелерге ээ болушту. Ал эми башкы жеңүүчү эки адамга Катарда өтүүчү UFC турнирине жолдомо утуп алды.

Башкы байгенин ээси трибунадагы өзгөчө атмосферага күбө болуп, атактуу мушкерлердин беттештерин өз көзү менен көрөт. BAKAI жеңүүчүнүн жана аны коштоп барган адамдын учак менен барып-келүү, мейманканада жашоо, тамактануу жана турнирге кирүү билеттеринин чыгымдарын толугу менен өзүнө алат.

Төлөмдөн жеңишке

Акция 2026-жылдын 18-майынан 31-октябрына чейин өттү. Катышуучулар Visa UFC картасы менен соода кылып, BAKAI экосистемасынын кызматтарынан пайдаланып, «сокку» деп аталган атайын упайларды топтошту. Катышуучу канчалык көп упай топтосо, рейтингде ошончолук жогору көтөрүлдү.

Байге фондусуна Garmin сааттары, фитнес-билериктер, фитнес-клубдарга абонементтер, спорт дүкөндөрүнүн сертификаттары, UFC'нин фирмалык буюмдары жана башкы байге - турнирге жолдомо кирди.

Акциянын лидерлери

• Мирлан Д. - 26 740 сокку. Башкы байге - Катардагы UFC турнирине эки кишилик жолдомо

• Барчиной Р. - 3 400 сокку. Байгелери - Garmin сааты жана UFC'нин фирмалык буюмдары.

• Марс Н. - 3 280 сокку. Байгелери - фитнес-билерик жана UFC'нин фирмалык буюмдары.

Дагы 10 жеңүүчү UFC'нин фирмалык буюмдарына ээ болушту:

• Алтынбек Б. - 2 760 сокку;

• Эрмек К. - 2 595 сокку;

• Дастан Д. - 2 420 сокку;

• Мухаммадсодик Б. - 2 035 сокку;

• Элдар М. - 2 005 сокку;

• Сайкал А. - 2 000 сокку;

• Алексей Ц. - 1 990 сокку;

• Давлет Э. - 1 965 сокку;

• Манас С. - 1 955 сокку;

• Дастан М. - 1 690 сокку.

BAKAI жеңүүчүлөрдү куттуктап, бардык катышуучуларга жигердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирет!

Чоң спорт бизге жакындоодо

Өткөн жылы BAKAI өз акцияларынын жеңүүчүлөрүн Катарга жөнөткөн. Алар UFC турнирине барып, мушкерлердин беттештерин өз көзү менен көрүп, октагондун жанындагы өзгөчө атмосфераны сезишкен. Быйыл да банк жеңүүчүнү Катардагы UFC турнирине жөнөтөт. Эми мындай унутулгус таасирлер Мирлан Д. менен аны коштоп барган адамды күтүп турат.

BAKAI'дын ар бир кардары ушундай мүмкүнчүлүккө ээ. Банктын акцияларына катышып, алардын шарттарын аткаруу менен унутулгус таасирлерди тартуулаган байгелерди утуп алууга болот.

BAKAI'дын жаңылыктарына көз салып туруңуз! Кийинки жеңүүчү сиз болушуңуз мүмкүн!

Жеткиликтүүлүк жөндөөлөрү

Көрсөтүү

Кошумча жөндөөлөр