4 сентябрь 2026
BAKAI Business Visa карталарынын ээлери арасында 500 000 сомго чейинки байгелерди ойнотот
BAKAI Business Visa карталарынын ээлери арасында 500 000 сомго чейинки байгелерди ойнотот

BAKAI Business юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн Visa карталары боюнча жалпы байге фонду 3 820 000 сомду түзгөн акция өткөрөт. 2026-жылдын 5-августунан 20-декабрына чейин катышуучулар ай сайын өтүүчү Турнирлерде 200 000 сомго чейин, ал эми Финалдык утуш оюнунда 500 000 сомго чейин утуп ала алышат.

Катышуу абдан жөнөкөй: BAKAI Business Visa картасы менен жасалган ар бир 100 сомдук накталай эмес сатып алуу үчүн 1 оюн фишкасы берилет. Төлөм канчалык көп жасалса, фишка да ошончолук көп топтолуп, рейтингдеги орун жогорулайт.

Ар бир эсептик мезгилдин жыйынтыгы боюнча катышуучулар автоматтык түрдө үч Лигага бөлүнөт. Жеңүүчүлөр ар бир Лигада өзүнчө аныкталат.

Ай сайын өтүүчү үч Турнирдин ар биринде төмөндөгүдөй акчалай байгелер каралган: 1-Лигада — 200 000 сом, 2-Лигада — 150 000 сом, 3-Лигада — 100 000 сом. Мындан тышкары, ар бир Лигада 10-, 100- жана 500-орундарды ээлеген катышуучулар 20 000 сомдон алышат.

Акциянын соңунда катышуучуларды эң ири байгелер ойнотулуучу Финалдык утуш оюну күтөт. 1-Лиганын жеңүүчүсү 500 000 сом, 2-Лиганын жеңүүчүсү — 300 000 сом, ал эми 3-Лиганын жеңүүчүсү — 200 000 сом утуп алат. Экинчи жана үчүнчү орундарды, ошондой эле рейтингдеги кошумча орундарды ээлеген катышуучулар үчүн да акчалай байгелер каралган.

Акцияга BAKAI Business Visa картасынын учурдагы ээлери болгон юридикалык жактар жана жеке ишкерлер да, акция өтүп жаткан мезгилде карта тариздеген юридикалык жактар жана жеке ишкерлер да катыша алышат.

Күнүмдүк чыгымдарыңызды BAKAI Business Visa картасы менен төлөп, фишкаларды топтоңуз жана рейтингде жогорулай бериңиз. Картаңыз жокпу? BAKAI Business Visa картасын тариздеп, 3 820 000 сомдук байге фондунан өз үлүшүңүздү утуп алуу үчүн акцияга кошулуңуз.

Акциянын толук шарттары жана эрежелери менен bakai.kg сайтынан тааныша аласыз.

glasses

Жеткиликтүүлүк режими

Жөндөөлөр

Шрифттин өлчөмү

Контрасттын түсү

Шрифт

Түстөрдүн схемасы