10 сентябрь 2026
Ала-Арчаны бийиктиктен көрүү: BAKAI жана Элкарт+ тик учак менен учуу акциясынын жеңүүчүлөрүн аныктады
Ала-Арчаны бийиктиктен көрүү: BAKAI жана Элкарт+ тик учак менен учуу акциясынын жеңүүчүлөрүн аныктады

BAKAI 2026-жылдын 13-июлунан 31-августуна чейин өткөрүлгөн “BAKAI Элкарт+ менен ар дайым утушта” акциясынын жыйынтыгын чыгарды. Элкарт+ картасын колдонгон эң активдүү беш кардар 500 сомдон жогорку суммага накталай эмес сатып алууларды эң көп жасаганы үчүн акциянын жеңүүчүлөрү аталып, Ала-Арчанын кооздугун мурда көрбөгөн тарабынан, тактап айтканда тик учактын бортунан көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Акциянын башкы жеңүүчүсү Газинур Г. Ал эки кишиге арналган бир күндүк тик учак турунда учуу, Чоң Ала-Арча мөңгүсүнө конуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Дагы төрт катышуучу: Эдиль К., Сергей И., Радамир Н. жана Ниязбек А. Ала-Арча улуттук паркынын үстүнөн обзордук тик учак менен учуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

“Биз кардарларыбыз үчүн кадимки эле күн сайын жүргүзүлүүчү сатып алууларын чыныгы өзгөчө окуяга айлантууну көздөдүк. Бул жолу Элкарт+ менен биргеликте жеңүүчүлөргө Кыргызстандын эң кооз жерлеринин бирин бийиктиктен көрүп, узак убакытка эсте кала турган таасирлерди тартуулап жатабыз”,- деп белгилешти BAKAI өкүлчүлүгү.

Жеңүүчүлөрдү Ала-Арчанын тоолорунун, мөңгүлөрүнүн жана капчыгайларынын көз жоосун алган көрүнүштөрү гана эмес, бул саякаттан алган таасирлерди эстен кеткис көз ирмемдер катары сактап калууга мүмкүнчүлүк берген кесипкөй фотосессия да күтөт.

BAKAI жеңүүчүлөрдү куттуктап, акцияга катышкан бардык кардарларга ыраазычылык билдирет. BAKAI карталарын колдонууну уланта бериңиздер. Алдыда дагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөр, кызыктуу учурлар жана жаңы жеңиштер күтүп жатат!

Жеткиликтүүлүк жөндөөлөрү

Көрсөтүү

Кошумча жөндөөлөр