
BAKAI мобилдик тиркемесиндеги BAKAI Travel сервисинде жаңы «Отелдер» бөлүмү ачылды.
Эми саякат үчүн керектүүнүн баарын бир жерден таап, отелиңизди бир нече мүнөттө эле ээлеп коюуга болот.
Жаңы сервистин ачылышы менен бирге BAKAI саякатчылар үчүн атайын сунуш даярдады. Ар бир брондоо үчүн колдонуучуларга 10% кешбэк накталай акча түрүндө кайтарылат.
Сизди эмне күтөт?
• Кыргызстан боюнча 400дөн ашык жайгашуу варианты;
• Дүйнө жүзү боюнча 3,5 миллиондон ашык жайгашуу жайы;
• BAKAI мобилдик тиркемеси аркылуу түз, тез жана оңой брондоо;
• Ысык-Көлдөгү жана тоолордогу чакан үйлөрдөн тартып, Европадагы деңиз жээгиндеги курортторго чейин.
Маанилүү: акция 2026-жылдын 31-августуна чейин иштейт.
Ар бир календардык айда бир колдонуучу 10 000 сомго чейин кешбэк ала алат. Канчалык көп саякаттасаңыз, эсебиңизге ошончолук көп акча кайтарылат!
Кантип ээлеп коюу керек?
BAKAI → Сервистер → BAKAI Travel → Отелдер
Отелиңизди азыр эле брондоңуз!
«Отелдер» бөлүмү жана кешбэк акциясы BAKAI мобилдик тиркемесинин бардык колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.