12 август 2026
BAKAI UFC’нин алгачкы чемпиондору аныкталды: жеңүүчүлөр спорттук байгелерге ээ болуп, UFC мелдешине жолдомо үчүн ат салышууну улантышууда
BAKAI UFC’нин алгачкы чемпиондору аныкталды: жеңүүчүлөр спорттук байгелерге ээ болуп, UFC мелдешине жолдомо үчүн ат салышууну улантышууда

2026-жылдын 31-июлунда BAKAI’дын Visa UFC карталарынын ээлери үчүн уюштурулган «BAKAI UFC чемпиону бол» масштабдуу акциясынын биринчи этабы жыйынтыкталды. Биринчи раунддун жыйынтыгы боюнча BAKAI картасын жана экосистеманын сервистерин активдүү колдонуп, эң көп «сокку» топтогон жеңүүчүлөр аныкталды.

BAKAI UFC’нин алгачкы чемпиондорун куттуктайбыз:

1-орун — Куручбеков Толкунбек Байбекович

🏆 Байге: Garmin Instinct

👊 2 335 сокку

2-орун — Мирлан Джумаев Джалалдинович

🏆 Байге: UFC Gym фитнес-клубуна абонемент

👊 2 240 сокку

2-орун — Альберт Азаматов Азаматович

🏆 Байге: UFC Gym фитнес-клубуна абонемент

👊 1 840 сокку

3-орун — Эрнар Канбеков Суйунбекович

🏆 Байге: Adidas Royal Sport дүкөнүнө 20 000 сомдук сертификат

👊 1 620 сокку

3-орун — Санжарбек Толубаев Бостонбаевич

🏆 Байге: Adidas Royal Sport дүкөнүнө 20 000 сомдук сертификат

👊 1 380 сокку

3-орун — Эрмек Абилов Болотович

🏆 Байге: Adidas Royal Sport дүкөнүнө 20 000 сомдук сертификат

👊 1 350 сокку

3-орун — Бекмурат Джетигенов Бейшеналиевич

🏆 Байге: Adidas Royal Sport дүкөнүнө 20 000 сомдук сертификат

👊 1 270 сокку

Акциянын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнө байгелер BAKAI PICNIC 2026 масштабдуу музыкалык open-air фестивалында тапшырылат. Фестиваль 23-августта саат 17:00дө «Кленовый Лист» гольф-клубунда өтөт. Жеңүүчүлөр татыктуу байгелерин фестивалдын башкы аянтчасында алып, миңдеген коноктор менен бирге жайдын эң чоң иш-чараларынын бирине күбө болушат.

BAKAI PICNIC 2026 бир сахнага эл аралык артисттерди, легендарлуу хиттерди жана чыныгы жайкы фестивалдын өзгөчө маанайын бириктирет. Коноктор масштабдуу концерттен ырахат алып, фуд-корттор менен барларда убакыт өткөрүп, жаркын эмоцияларга бөлөнө алышат.

Бирок башкы таймаш али уланууда! 2026-жылдын 31-октябрына чейин BAKAI’дын Visa UFC картасынын ээлери «соккуларды» топтоону улантып, башкы байге — эки адамга UFC беттешине жолдомо үчүн ат салыша алышат. Жолдомого авиакаттам, мейманканада жашоо жана UFC Fight беттешине билеттер кирет.

Мындай долбоорлор BAKAI’дын спорттук экосистемасынын ажырагыс бөлүгүнө айланды. Буга чейин банк Катарда өткөн UFC Fight Night Doha 2025 мелдешине жолдомо ойнотуп, масштабдуу утуш оюнун өткөргөн. Анда BAKAI экосистемасынын ар башка багыттарынан төрт кардар жеңүүчү болгон: BAKAI мобилдик тиркемесинин колдонуучусу, BAKAI Business кардары, BAKAI Камсыздандыруу кардары жана Instagram-сынагынын катышуучусу. Жеңүүчүлөр эки адамга толук турпакетке ээ болуп, алар менен бирге мелдешке BAKAI’дын амбассадорлору Айана Советова жана Темирлан Оморов да барышкан.

BAKAI’да белгилешкендей, «BAKAI UFC чемпиону бол» акциясынын башталышы финансы, технология, спорт жана заманбап санарип сервистерди бириктирген lifestyle-экосистеманы өнүктүрүү боюнча банктын стратегиясынын уландысы болуп саналат.

Активдүүлүк канчалык көп болсо, BAKAI UFC’нин кийинки чемпиону болуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору!

Акция тууралуу толук маалымат:

https://bakai.kg/bbank/assets/cdn_files/2026/08/03/bakai-ufc-3.pdf

glasses

Жеткиликтүүлүк режими

Жөндөөлөр

Шрифттин өлчөмү

Контрасттын түсү

Шрифт

Түстөрдүн схемасы