2 октябрь 2026
BAKAI’дын Mastercard World Elite картасын тариздеп, Яндекс Go аркылуу ай сайын 4 сапардан пайда алыңыз
BAKAI’дын Mastercard World Elite картасын тариздеп, Яндекс Go аркылуу ай сайын 4 сапардан пайда алыңыз

2026-жылдын 28-сентябрынан 31-декабрына чейин BAKAI’дын Mastercard World Elite премиалдык картасынын ээлери Яндекс Go аркылуу ай сайын 4 сапардын ар биринен 450 сомго чейин пайда ала алышат.

Сунуш Кыргызстандын бардык аймагында жана таксинин бардык класстарына колдонулат.

Бул артыкчылыкты колдонуу оңой: BAKAI’дын Mastercard World Elite картасын Яндекс Go тиркемесине кошуп, сапарлардын акысын ошол карта менен төлөсөңүз жетиштүү. Артыкчылык промокодсуз жана кошумча каттоосуз автоматтык түрдө берилет.

BAKAI’дын Mastercard World Elite картасы али жокпу? Күнүмдүк сапарларды пайдалуу жана ыңгайлуу кылган артыкчылыктардан пайдалануу үчүн премиалдык картаны тариздөөгө эң ылайыктуу учур.

«Биз үчүн премиалдык карта кардарларга күн сайын керектүү артыкчылыктарды бериши маанилүү. Жумушка баруу, иш боюнча жолугушуулар, аэропортко баруу же кечки пландар болобу, мунун баары Mastercard менен кошумча пайда алууга дагы бир мүмкүнчүлүк берет», деп белгилешти BAKAI банкында.

BAKAI’дын Mastercard World Elite картасынын негизги артыкчылыктары:

• дүйнө жүзү боюнча LoungeKey бизнес-залдарын чектөөсүз пайдалануу мүмкүнчүлүгү;

• аэропорттордо Fast Track кызматы;

• карта ээси жана анын үй-бүлөсү үчүн саякат учурунда камсыздандыруу;

• мейманканаларда, ресторандарда жана автоунаа ижарага алууда арзандатуулар жана артыкчылыктар;

• жана башка артыкчылыктар.

Mastercard World Elite картасын BAKAI бөлүмдөрүнөн тариздеп, Яндекс Go тиркемесине кошуңуз жана ай сайын 4 сапардын ар биринен 450 сомго чейин пайда алыңыз.

Сунуштун толук шарттары расмий сайтта жеткиликтүү:

https://www.mastercard.com/kg/ru/personal/find-a-card/card-benefits/yandex-taxi.html

Эгер сапардын баасы 450 сомдон жогору болсо, кардар айырмасын өзү төлөйт. Эгер сапардын баасы 450 сомдон төмөн болсо, мыйзам талаптарына ылайык кардар сапардын наркынын минималдуу бөлүгүн төлөйт.

Жеткиликтүүлүк жөндөөлөрү

Көрсөтүү

Кошумча жөндөөлөр