27 декабрь 2023
Финансылык кызматтарды толуктоодогу комиссия

Урматтуу кардарлар,

2024-жылдын 10-январынан баштап Банктын карталарын жана эсептерин башка төлөм терминалдары, электрондук капчыктар жана мобилдик тиркемелер аркылуу толуктаган учурда алуучудан бир календардык ай ичинде 100 000 сомдон ашкан сумманын 1% өлчөмүндөгу комиссия алынат.

Мисалы, эгерде Сиздин эсебиңиз бир айдын ичинде 140 000 сомго толукталган болсо, анда 1% комиссия 40 000 сомдон алынып, эсепке 100 000+(40 000-1%)=139 600 сом келип түшөт.

Бул шарт төлөм суммасынан 0 пайыздык комиссия белгиленген сервистер аркылуу толуктаган учурда гана колдонулат жана төмөнкү продуктуларды толуктоодо колдонулбайт: депозиттерди толуктоо, кредиттерди төлөө, ислам принциптери боюнча ИФБ каржылоосу.

Сиздерде суроолор жаралган учурдау 6111 же 0312 610061 телефондоруна чалууну өтүнөбүз.

glasses

Жеткиликтүүлүк режими

Жөндөөлөр

Шрифттин өлчөмү

Контрасттын түсү

Шрифт

Түстөрдүн схемасы