Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Product Image

Кайсы максаттарга болбосун 5 000 000 сомго чейинки керектөөчүлүк кредит Керектөө кредиттери

101 000 сомдон 5 000 000 сомго чейин
Суммасы
бар
Күрөө
каалаган максаттарга
Иш багыты
бар
кепилдик берүүчү
60 айга чейин
Мөөнөтү
22 пайыздан баштап
Пайыздык чени

Төмөнкүлөр ала алышат:

Кеминде бир жылдык иш тажрыйбага ээ болгон жеке адамдар (улуттук валютада гана) жана жеке ишкерлер (патент, күбөлүктүн негизинде иштегендер)

  • Жаш курагы 21 жаштан 65 жашка чейин, Банктын эмгек акылык жана/же пенсиялык карттарынын ээлери үчүн - 70 жашка чейин;
  • Кыргыз Республикасынын резиденти же жараны;
  • Документ аркылуу тастыкталган туруктуу кирешеге ээ болууга тийиш.

Кредиттин өзгөчөлүгү

Кандай болбосун максаттарга берилүүчү керектөө кредиттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында эч кандай тыюу салынган эмес.

Валютасы: улуттук валютада гана

Мөөнөтү:3-60 ай

Суммасы:101 000 сомдон 5 000 000 сомго чейин

Кредит өздөштүрүлүүчү максаттуу иш багыты:

Эмеректерди, техникаларды, үй тиричилигине керектүү буюм-зарттарды, автоунааларды сатып алуу, оңдотуу, билим алууга, дарыланууга, эс алып кыдырууга жана үй-бүлөлүк маараке тойлорго төлөө, банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын көйгөйлөрдү жаратпаган кредиттерин кайра каржылоо жана башка керектөө муктаждыктарын канаттандыруу.

Кредитти төлөө тартиби:ай сайын аннуитеттик төлөм менен жана негизги сумманы бирдей үлүштө.

Мөөнөтүнөн мурда төлөө/кредитти бөлүп төлөө учурунда графикти:банктын тарифтерине ылайык

Натыйжалуу пайыздык чен жылдык 24,91 пайыздан баштап.

Талап кылынган документтер тизмеги

  • Карыз алуучунун паспорту;
  • Нике күбөлүгү анын үй-бүлөлүү экендигин тастыктоо үчүн сунушталат;
  • Карыз алуучунун жубайынын (болгон болсо) паспорту;
  • Патент (акыркы 3-6 айдыкы)/ күбөлүк (салык кызматынан жана Соц. фонддон карызы жоктугу тууралуу маалым кат)/ кеминде акыркы 3-12* айда алган кирешеси тууралуу маалым кат;
  • Кепил болуучунун паспорту;
  • Күрөө документтери (кыймылсыз мүлк);
  • Кепил болуучунун нике күбөлүгү – бул, никеге тургандыгын тастыктоо үчүн талап кылынат;
  • Кепил болуучунун жубайынын (болгон болсо) паспорту;
  • Акыркы 3 -12* айдагы эмгек акысы боюнча маалым кат;
  • Кирешеси тууралуу маалым кат жана кирешени тастыктаган башка документтер
  • Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кредитти тариздетүү үчүн зарыл болгон башка документтер

*КР Социалдык фондуна жүргүзүлгөн чегерүүлөр бар болсо, эмгек акысы жөнүндө маалым кат талап кылынбайт.

Рассчитайте свой кредит

Насыянын суммасы

Суммасы тандалган жок

Пайыздык чен

28 %

Аннуитеттик төлөмдөр

0

Жалпы суммасы төлөнөт үчүн

0

Консультация алууга билдирме калтырыңыз

Консультация алуу үчүн бизге жазсаңыз же телефон чалсаңыз болот


Сиздин маалыматтарыңыздын коопсуздугуна жана сакталышына кепилдик беребиз