Бакай Банк 1998-жылдын 28-декабрынан бери жеке адамдарга, чакан жана орто бизнеске, корпоративдик кардарларга банктык кызматтарды көрсөтүп келет. Бакай Банк – бул капиталы толук бойдон кыргызстандыкы болуп саналган банк, башкача айтканда – бардык акционерлери Кыргызстандын жарандары болуп саналышат. Банк Кыргызстандын рыногундагы ири финансылык мекемелердин арасында татыктуу орун ээлеп, уставдык капиталы боюнча алдыңкы үч банктын катарына кирет
Банктын миссиясы – универсалдуу жана ата мекендик (100% кыргыз капиталы менен) банктын кызматтарын сунуштоодо кардарларга ишенимдүүлүк жана туруктуулук тартуулоо.
Биздин максатыбыз – ар дайым универсалдуу жана динамикалык өсүүдөгү банк бойдон калуу.
2004-жылы Банк Банктар аралык процессинг борборуна кирген, мунун өзү банкка өзүнүн улуттук Элкарт карталарын чыгарууга мүмкүндүк берди. 2006-жылы “Бакай Банк” башка имаратка көчкөн. Жаңы имарат сапаттуулуктун бардык талаптарына жооп берген, кенен операциялык залдары, күтүү үчүн өзүнчө жайлары, өзүнчө кассалык кабинкалары бар заманбап имарат болуп саналат. 2008-жылы банк Visa International системасына кирген, ошондон бери пластикалык карталар боюнча банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жаатында иштерди активдүү жүргүзүп келет. 2010-жылы “Бакай Банк” микрокредиттөө системасын киргизген. Ал система чакан жана орто бизнес боюнча кардарлардын көбөйүүсүнө өбөлгө болду. 2011-жылы банктын аталышы “Бакай Банк” деп өзгөрүп, логотибин, бренддик жана юридикалык аталыштарын өзгөрткөн.
"Бакай Банк" ААКтын башкы кеңсеси – 2002-жыл.
"Бакай Банк" ААКтын башкы кеңсеси – 2008-жыл.
Кардарларга банктык кызматтарды ыңгайлуу пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү заманбап кызмат көрсөтүүлөр жана техникалык жаңы мүмкүнчүлүктөр ишке киргизилүүдө. Алар интернет-банкинг, интернет-көчүрмөлөр, кардарларга онлайн консультация берип, колдоо көрсөтүү үчүн күнү-түнү иштөөчү колл-борбор, Элкарт, Виза төлөм карталары, ошондой эле Бакай Трансфер, Золотая Корона, Вестерн Юнион (Western Union), Юнистрим (Unistream), Манигрэм (Moneygram), Контакт, Пэй Сэнд(Pay Send) акча которуу системалары, SWIFT системасы боюнча акча которуу, баалуу кагаздар менен операциялар, баалуу кагаздарды жеке сейфтик уячаларда сактоо, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитеттелген өлчөнгөн алтын куймаларды сатуу, эскроу эсеп, ошону менен бирге Бакай Банк жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсептерин ачуу өңдөнгөн жаңы багыттагы иштерди алып бара баштады, финансылык ишмердикти ыңгайлуу актарууга мүмкүндүк берүүчү башка кызмат көрсөтүүлөр да сунушталат.
"Бакай Банк" ААКтын Башкы кеңсеси – 2019-жыл.
"Бакай Банк" ААКтын Башкы кеңсеси – 2022-жыл.
Бакай Банк 2002-2004-жылдардагы финансылык ишмердиктин жыйынтыктары боюнча үч жыл катары менен Кыргызстандын мыкты банкы деп таанылган. 2005 жана 2006-жылдардагы финансылык ишмердиктин жыйынтыктары боюнча ардактуу 3-орунду ээлеген. 2012-жылы Кыргызстанда өткөрүлгөн жарнама, маркетинг жана PR- фестивалында номинациялардын бири боюнча биринчи орунду багындырган. 2018-жылы Бакай Банк Тазабек бизнес-басылмасынын окуучуларынын версиясы боюнча “Интернетти тандоо” номинациясында мыкты банк деп таанылган. Узак жылдар ичинде Бакай Банктын көп сандаган туруктуу кардарлары пайда болду. Ал кардарлар банктын динамикалык өсүүдө экендигин, ошондой эле сапаттуулуктун банктык заманбап стандарттарына ылайык келерин белгилешүүдө.
2018-жылы Бакай Банкта Ислам Финансылык Борборунун ачылышы - олуттуу жетишкендиктердин бири болду. Банк ислам принциптери боюнча ишмердик жүргүзүүгө лицензия алган алгачкы финансылык институт болуп калды. Ал эле эмес, Бакай Банк мындай ишти КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алгачкы болуп баштады жана мурдагы совет өлкөлөрүнүн аймагында ушул багытта иш алып баргандардын арасында лидери болуп калды. Бакай Банктын Ислам Финансылык Борборунда банктык ишмердиктин ислам принциптери боюнча финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн толук спектрин ала алышат. Аталган Борбор Шариаттын эл аралык стандарттарына ылайык иш алып барат. Мунун өзү сүткөрлуктун болуусуна жол бербейт. Натыйжада Бакай Банктын Ислам Финансылык Борборунун продуктулары кардарлар үчүн пайдалуу болуп калат. Туткан дининен көз карандысыз түрдө бардык каалоочулар борбордун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалана алышат.
Кайра уюмдаштыруу биригүү формасы аркылуу жүргүзүлдү, жыйынтыгында “БТА Банк” ЖАКтын ишмердиги токтотулуп, анын укуктары (активдери) жана милдеттенмелери (милдеттери) өткөрүп берүү актысына ылайык “Бакай Банк” ААКка өттү.
2019-жылдын март айы: “БТА Банк” ЖАКтын жана “Бакай Банк” ААКтын акционерлери “БТА Банк” ЖАКтын акцияларын “Бакай Банк” ААКка сатуу аркылуу эки банкты бириктирүү жөнүндө чечим кабыл алышты.
2019-жылдын октябрь айы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы “Бакай Банк” ААКка “БТА Банк” ЖАКтын акцияларын сатып алууга уруксат берди.
2019-жылдын октябрь айы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы “Бакай Банк” ААКка “БТА Банк” ЖАКты кошуп алууга уруксат берди.
2020-жылдын январь айы: “Бакай Банк” ААКты Юстиция министрилигинде кайра уюмдташтыруунун – кайра каттоонун финалдык этабы.
Эки банктын кардарлары эми “Бакай Банктын” кардарлары болуп калышты. Мурда түзүлгөн келишимдердин бардыгы мөөнөтү аяктаганга чейин күчүн жоготпойт. “БТА Банк” ЖАКтын кардарлары мурда ээлик кылышкан карталарга, эсептерге, депозиттерге, калган продуктуларга жана кызмат көрсөтүүлөргө мурдагыдай шарттарда эле ээлик кылууларын улантышты.
Дүйнөдөгү ири рейтингдик агенттиктердин бири болуп эсептелген «Moody’s» агенттиги тарабынан ыйгарылган эл аралык кредиттик рейтинг – бул банктын кредит жөндөмдүүлүгүнүн, ошондой эле аманатчылар жана башка кредиторлор үчүн анын ишенимдүүлүгүнүн татыктуу бааланышы болуп саналат. Кредиттик рейтингди ыйгаруу жол-жобосунан өтүү - банк тарабынан жасалган стратегиялык чечим жана бизнести дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келтирүү жолуна карата ташталган кадамдардын бири болуп калды. Өлкөнүн рейтинги В2 болгон шартта, Банкка ыйгарылган В3 рейтинги Кыргызстандагы коммерциялык банктар эңсеген жогорку баа болуп саналат.
VISA системасынан алынган сертификат - банктын эмгегинин бааланышы
Жылдын жыйынтыгы менен “Бакай Банк” ынак өнөктөштүктүн белгиси катары VISA төлөм системасынан сертификат алууга жетишти. Банк төлөм системасы менен кызматташкан мезгил ичинде мындай сыйлыкка биринчи жолу татыктуу болду. 2020-жыл 3D Secure коопсуз төлөм технологиясын киргизүүнү кошо алганда, бир катар биргелешкен маанилүү долбоорлордун ишке ашырылышы менен мүнөздөлдү.
Банк VISA Classic, VISA Gold жана VISA Infinite карталарын чыгарат. Сыйлык карталарды өнүктүрүү багыты “Бакай Банк” үчүн 2021-жылга карата артыкчылыктуу багыттардын бири болуп калды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2020-жылдын 18-сентябрындагы чечими менен “Бакай Банкка” башка эмитенттердин аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен жана нак формадагы банктык күмүштөн, алтындан, платинадан жасалган монеталар менен операцияларды жүргүзүүгө уруксат берилди. Мурда банк операцияларды КРУБ тарабынан эмитеттелген баалуу металлдар менен гана жүргүзүүгө укуктуу болчу.
Өлкөбүздүн келечеги – бул күчтүү экономика эле эмес, өлкөнүн элинин бекем жана сергек ден-соолугу экендигин биз жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан Бакай Банк Улуттук Олимпиадалык Комитетине колдоо көрсөтүүнү чечти жана бүгүнкү күнү анын расмий банк-өнөктөшү болуп саналат.
Жакында 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча БПБ версиясы боюнча сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.
“Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК “Бакай Банкка” бир эле учурда эки сыйлык тапшырды, ошентип биз бир учурда эки номинацияда жеңишке жетишкен жалгыз банк болуп калдык:
ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасынын картасын чыгарган алгачкы банк
ЭЛКАРТ продуктуларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн ишке киргизүү жаатына Жылдын Банкы
2021-жылдын акырында Бакай Банк режиссер Руслан Акун тарабынан тартылган “Акыркы сабак” (“Последний урок”) сериалына демөөрчү катары чыгып, бардык актерлордун эмгек акысын төлөп берди. Сериалда аймактагы өспүрүмдөрдүн жашоосу көрсөтүлөт. Аталган сериал YouTube каналында бир нече миллион жолу көрүлгөн.
Бакай Банк улуттун сергек жашоосу үчүн, калк арасында спортту өнүктүрүү максатында 2019-жылдан тартып жыл сайын өтүүчү Bakai Bank Jaz Demi салттуу марафонунун негизги демөөрчүсү болуп саналат. Акыркы өткөрүлгөн марафонго 4 миңден ашык адам катышты.
Шаар тургундары үчүн жагымдуу чөйрө түзүү максатында Бакай Банктын кызматкерлери бир нече жылдар катары менен бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуп келишет. Бакита Мундузбаева 2018-жылы банктын 20 жылдыгына карата шаарды жашылдандыруу акциясы ишке киргендигин, 2021-жылы “Жибек Жолу” филиалынын ачылышынын урматына банк тарабынан шаардын эки районуна дарактардын көчөтү отургузулгандыгын айтты.
Салт болуп калгандай эле 2022-жылы дагы Тыныстанов көч. 166 дареги боюнча жайгашкан “Башкы” филиалдын ачылышынын урматына дарак отургуздук. Бардыгы болуп 270 көчөт сатылып алынган. Алардын арасында каштан, клен, катальпа, кайың жана кара жаңгак бар. “Зеленхоз” уюму менен макулдашу аркылуу жашылдандырылчу жерлерди тандоонун жыйынтыгында Адинай жана Ынтымак парктарына токтолдук. Ал парктарда ачык жерлер көп болгондуктан күндүз ысык болуп турат экен. Эми бир-эки жылдан кийин отургузулган дарактар өсүп, эс алуучуларга көлөкөсүн тартуулап калмакчы.
2022-жылдын 22-августунда Бакай Банктын башкы кеңсесинде атайын банктык карталарды тапшыруу аземи болуп өттү, ал карталар аркылуу Кыргызстандын 15 спортчусу Эл аралык Олимпиадалык Комитеттен өзгөчө стипендияларды алып турушмакчы.
Стипендианттардын курамында Олимпиада байгелерине ээ болгон даңктуу үч спортчубуз, ошондой эле көптөгөн эл арлык мелдештердин жеңүүчүлөрү бар. Атлеттер Парижде 2024-жылкы оюндар башталганга чейин стипендия алып турушат. Мунун өзү ар бир спортчу үчүн эң негизги мелдеш болуп саналган - Олимпиадага даярданууга мыкты колдоо болмокчу.
Спорт бириктирет. Спорт дем берет жана шыктандырат. Спорт – сергек адамдын жана коомдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ошол себептен Бакай Банк Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада Комитетинин расмий өнөктөшү болгон.
“Бакай Банк” өзүнүн алгачкы аманатчыларына өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылат. Жыл сайын эл аралык карылар күнүндө этикалык салттарды жана корпоративдик жоопкерчиликти сактоо менен “Бакай Банк” ААК өзүнүн улгайып калган аманатчыларын куттуктап турат. “Бакай Банк” улгайып калган кардарлардын акылмандыгы, жоопкерчиликти сезе билишкендиктери үчүн аларды тейлөөнү сыймык катары көрөт. Ошол эле маалда “Бакай Банк” жаш муундарга дагы көңүл буруп келет. Өлкө боюнча мектептерде мектеп окуучуларынын финансылык билимин жогорулатуу үчүн тренингдер ар дайым өткөрүлүп турат.
2018-жылы “Бакай Банк” ААКтын Башкы кеңсесинде №70 мектеп-гимназиясынын окуучуларына тренинг өтүлгөн.
Андан тышкары “Бакай Банк” ААК бир катар багытта ишмердик жүргүзүп келүүдө. 2018-жылы Таласта эки аялдама курулду. “Бакай Банк” Талас шаарынын мэриясынын шаардын инфратүзүмүн жакшыртууга көмөк көрсөтүү өтүнүчүн коммерциялык уюмдардын ичинен алгачкы болуп колдоп чыкты.
2018-жылдын октябрь айы, Талас шаарындагы муниципалдык аялдама
“Бакай Банк” корпоративдик социалдык жоопкерчилик принцибин карманат жана ар кандай долбоорлорду туруктуу негизде жүзөгө ашырып келет. 2018-жылы “Бакай Банктын” кызматкерлери Бишкек шаарындагы “Жаштык” паркына бак-дарактарды отургузушту. Бул акция компаниянын жыйырма жылдыгына карата уюштурулган. Бардыгы болуп 20 платан, 20 клен, 10 лип жана 10 каштан отургузулган.
2018-жылдын октябрь айында “Жаштык” паркында дарактарды отургузуу.
Кардарларга багыт алуу жана коом алдында социалдык жоопкерчилик – бул “Бакай Банктын” ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыттар болуп саналат. Банк мекендештерибиздин ыңгайлуу жана жеткиликтүү финансылык кызматтарды пайдаланууга мүмкүндүктөрү болуусу үчүн болгон күчүн жумшайт. Мунун бардыгы компаниянын ачыктык, айкындык жана кесипкөйлүк сыякатанган негизги принциптерине жоопкерчилик менен мамиле кылгандыгынын натыйжасында мүмкүн болду.
Шаардын санитардык абалын жакшыртуу максатында “Бакай Банк” “Эко Деми” коомдук фондунун консультациялык колдоосу алдында “Тазалык” муниципалдык ишканасына Бишкек шаарында пластик чогултуучу жүз тор урна жасоо үчүн акча каражаттарын бөлүп берди. 70 чоң жана 30 кичине урналар Бишкек шаарынын райондорунун ар бирине 25тен бөлүнүп берилди.
2019-жыл, Бишкек шаарында пластик чогултуу үчүн урналарды орнотуу.
Бакай Банк медиктерге маяна төлөө максатында каражаттарды үнөмдөө үчүн өзүн жарнамалоодон баш тарткан.
2020-жылдын жай мезгилинде COVID-19 эпидемиясы күч алып жаткан кезде “Бакай Банк” Бишкек шаарынын Медициналык шашылыш жардам көрсөтүү борборунун кызматкерлеринин карталарына 1000 сомдон которду. Каражаттарды үнөмдөө үчүн банк Бишкектеги тышкы жарнамалардын бардыгынан баш тарткан.
Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнү алдында “Бакай Банк” 122 ветеранды куттуктады.
Банктын кызматкерлери Кыргызстандын бардык аймактарында жашашкан Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына, концлагер туткундарына, “Ленинградды бошоткондугун үчүн” медалы менен сыйланган адамдарга барып, азык-түлүк топтомун тапшырышты.
Бакай Банк өзүнүн 1936-жылы туулган кардарларын телефон аркылуу куттуктап, алардын эсептерине акча каражаттарын которду.
Банк 22 жыл бою 9-май жеңиш күнүнө арналган ар түрдүү иш-чараларды уюштуруп, согуштун катышуучуларын жана күбөлөрүн куттуктап келет.