Кара-Балта шаарындагы М. Т. Ибрагимов атындагы колледжге жардам көрсөттү

05 Октябрь 2023

Бакай Банк “25 жылда 25 жашкы иш” демилгесинин алкагында Кара-Балта шаарындагы М. Т. Ибрагимов атындагы Техникалык-экономикалык колледжге жардам көрсөттү. Жардам оңдоо иштерин жүргүзүү жана терезелерди алмаштыруу жаатында көрсөтүлөт.

Окуу жайы Банктын колдоосу менен студенттерди окутуунун шарттарын жакшыртып, билим берүүнүн сапатын жогорулата алат. М. Т. Ибрагимов атындагы колледж аймактын алдыңкы окуу жайларынын бири болуп саналат, аталган окуу жайда алты жүздөн ашык жаштар окуп билим алышат. Жогоруда көрсөтүлгөн жардам ыңгайлуу жана заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүүгө карата жасалган маанилүү кадам болуп калмакчы.

Поделиться