Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Бакай Банк Кыргызстанда алгачкылардан болуп Visa Gold үчүн төлөм стикерлерин чыгарат

12 Декабрь 2024

Эң керектүүнүн баары! 

Бакай Банкы банктык технологиялар рыногунда кайрадан тренд киргизип жатат. Visa Gold картасын колдонуучулар үчүн уникалдуу сунуш катары Bakai Pay төлөм стикерлерин өлкөдө алгачкы болуп Бакай Банкы киргизүүдө. Эми төлөмдөрдү жүргүзүү мурдагыдан да кыйла жөнөкөй болуп калат. Ал үчүн капчыктан картаңызды же накталай акча алып чыгып отурбайсыз. Стикерди оңой жерден эле терминалга такап коёсуз, болду, төлөм ишке ашып калат. Стикердин жардамы менен NFC функциясы аркылуу банкоматтардан акча чыгарып алса да болот. 

Төлөм стикери деген эмне? 

Төлөм стикери — бул NFC (Near Field Communication) технологиясы менен жабдылган, контактсыз ылдам төлөм жүргүзүүчү чакан түзмөк. Ал кичинекей жана стилдүү болгондуктан телефон, капчык же дайыма жаныңызда алып жүрүүчү бардык буюмга оңой бекитилет. Мындай стикер кардарларга бир эле кыймыл аракет менен төлөм аткарууга шарт түзүп, процессти ылдам жана ыңгайлуу ишке ашырат. 

«Бакай Банктын» төлөм стикерлеринин артыкчылыктары: 

Ыңгайлуулук: картаны же накталай акчаны издеп отуруунун зарылчылыгы жок.  

Ылдамдык: төлөм саналуу секундаларды гана талап кылат. 

Коопсуздук: NFC технологиясы маалыматтардын ишенимдүү сакталышын камсыздайт. 

Артыкчылыктар: Visa Gold картасынын колдонуучулары картасынын бардык артыкчылыктарын сактап кала алат. 

Мындан тышкары, Бакай Банк өз кардарлары үчүн төлөм стикерлерин акысыз берет. Акциянын мөөнөтү чектелүү, андыктан шашылыңыздар! 

Бакай Банк

Сиздин инновациялык банкыңыз.

 

Поделиться