КРУБдун маалыматтык билдирүүсү

13 Октябрь 2023

Азыркы учурда жеке адамдар жана башка жактар ар кандай жашыруун аталыштар алдында чыгышып, курстарын жана көлөмдөрүн көрсөтүү менен нак чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу жөнүндөгү билдирүүлөрүн чыгарып жүрүшкөн телеграм-кандалдар бар. Мындай аракеттер, ошондой эле чет өлкө валютасы менен алмаштыруу операцияларын мыйзамда белгиленген тартипте бериле турган лицензиясыз (күбөлүксүз) жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 299-беренесине ылайык жеке адамдарга 175 эсептик көрсөткүч (17500 сом), юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүчу (55 000 сом) айып пул салынат. Лизензиясыз ишмердикти системалык түрдө жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган.

Ошону менен бирге телеграм-каналдарды криминалдык элементтер дагы колдонушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу жабдылбаган пукттарда жеке жактар менен алмаштыруу операцияларын жүргүзүү өтө чоң тобокелдиктерге алып келип, ошону менен бирге жарандардын ден-соолугуна жана өмүрүнө карата тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн, ошондой эле тоноого алып келиши мүмкүн.    

Андан тышкары, жогоруда аталган жактар менен чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзүү алданып калуу тобокелдигине алып келиши мүмкүн, ал эми талаш учурлар жаралган учурда алмашуу болгондугун далилдөө мүмкүн эмес.

Нак чет өлкө валютасын социалдык тармактар аркылуу алмаштыруу жүргүзгөн учурда алдамчылык орун алган учурлар, ошондой эле жасалма банкноттор көбөйдү, ушуга байланыштуу Улуттук банк жарандарды алмашуу операцияларын Улуттук банктан лицензия алышкан атайын уюмдарда гана жүргүзүүгө чакырат.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Улуттук банк атайын жабдылбаган, Улуттук банктан лицензия алышпаган мекемелерде алмашуу операцияларын жүргүзүүгө болбой тургандыгын эскертет. Эгерде жеке адамдар жана/же юридикалык жактар телеграм-каналдар аркылуу чет өлкө валютасын алмашуу операцияларды жүргүзгөндүгү жа катышкандыгы жөнүндө факт аныкталган учурда алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулуусун болтурбоо максатында валюталык рыноктун катышуучуларын текшерүү боюнча ар дайым инспектордук тешкерүүлөр өткөрүлүп турат. 

2023-жылдын башынан бери (2023-жылдын 30-сентябрындагы абалга карата) жүргүзүлгөн жыйынтыктары боюнча Улуттук банктын тиешелүү лицензия албастан, чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенишкен 84 жеке адамга 17,5 миң сомдон (жалпы суммасы 1 470 миң сом) айып салынды.

Поделиться