20 Апрель 2021
Эми кешбэкти же пайыздар боюнча жеңилдетилген мезгилди тандап отуруунун кереги жок – Бакай Банктын бардык жаңы Visa кредиттик карттары эки опцияны тең камтуу менен чыгарылат. Андан тышкары овербаланска жол берилген – кредиттик картыңызды акча каражаттарын сактоо үчүн жана онлайн-төлөөлөрдү жүргүзүү үчүн пайдаланыңыз.
Бакай Банктын Visa кредиттик карты – бул карт боюнча карт ээсинин 5 айлык маянасына барабар болгон каражат 2 жыл бою жеткиликтүү. Каалаган учурда ал сумманы толук бойдон же жарым-жартылай алууга болот, сумма кайтарылгандан кийин кредит картта кайрадан жеткиликтүү абалга келет.
Кредиттик карт – бул абдан ыңгайлуу: кредит алуу үчүн документтерди топтоонун же тааныштардан карыз алуунун кереги жок. Күтүүсүз сарптоолор үчүн ар дайым сиздин сактоодогу акчаңыз бар.
Карт боюнча жеңилдетилген мезгил 30 күнгө чейин созулат (кийинки айдын биринчи числосуна чейин). Бул мезгилдин ичинде соода түйүндөрүндө нак эмес түрдө төлөө менен сатып алууларды жүргүзгөн учурда, банк каражаттардын пайдаланылгандыгы үчүн пайыздарды чегербейт.
Эгерде коротулган каражаттарды учурдагы айдын акырына чейин кайтарсаңыз, анда сиздин кредит пайызсыз болуп калат!
Банк айына 2000 сомго чейинки сумманы картка кайтарат. Сиз карт аркылуу 500 сом жана андан жогорку төлөөлөрдү жүргүзгөн сайын сумманын 5 пайызы балл түрүндө кошулуп эсептелет. Айдын акырында 250 же андан жогору болгон бонустар топтолсо (1 бонус = 1 сом), акча каражаты сиздин картыңызга кайтарылат.
Кешбэктин айына максималдык суммасы 2000 сомду түзөт. Акция 2021-жылдын 31-декабрына чейин улантылат.
Картты кредиттик карт катары эле колдонбостон, ага өз каражаттарыңызды сактап жана сарптасаңыз болот. Албетте бул учурда эч кандай пайыздарды төлөбөйсүз.
Мисалы, сиз саякатка чыкканда ар кандай сарптоолор үчүн картыңызга 30 000 сом салдыңыз дейли. Сиз ал 30 000 сом жетиштүү деп ишенесиз, бирок ошол эле маалда форс-мажордук жагдай келип чыга турган болсо, сиз кабатырланбайсыз, анткени 30 000 сомду коротконуңуздан кийин дагы карт аркылуу төлөй аласыз, себеби картта сиздин 2-5 айлык маянаңыз өлчөмүндөгү лимит калат.
Эми акча каражаттарын карттан комиссиясыз чыгарып алуу Бакай Банктын банкоматтарында жана кассаларында мүмкүн. Достук тармактын банкоматтарынан чыгарып алууда 0,5% комиссия алынат.
Достук тармакка төмөнкү банктардын банкоматтары кирет: «КИКБ», «Айыл Банк», «Дос-Кредобанк», «Азия Банкы», «ФинансКредитБанк КАБ», «Капитал Банк».
Бакай Банкта кредиттик картты Visa Classic, Visa Gold же Visa Infinite карттарынын базасында ачса болот. Ошону менен бирге эл аралык төлөм системасынын карттарынын мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде төмөнкүлөрдү пайдаланууга мүмкүн:
Поделиться