Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Биз кызматтарды жакшыртуудабыз! 19-20-ноябрда техникалык иштер жүргүзүлөт

14 Ноябрь 2024

Урматтуу кардарлар! 


Биз ар дайым кызматтарыбыздын сапатын жана ыкчамдуулугун жакшыртуунун үстүндө иштейбиз! Буга байланыштуу 2024-жылдын 19-ноябрында саат 20:00дөн баштап 20-ноябрга чейин (бул күн кошулуп) техникалык иштер жүргүзүлөт. Бул аракеттер кызматтарыбыздын сиздер үчүн мындан да ыңгайлуу жана ишенимдүү болушуна шарт түзөт. 

Жогоруда көрсөтүлгөн убакыт аралыгында карта менен жүргүзүүчү төмөнкү операциялар жеткиликсиз болот: 

•  Товар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү, анын ичинде онлайн-төлөмдөрдү дагы;

* Банкоматтардан/POS-терминалдардан акча накталоо; 

•  ELQR аркылуу төлөмдөр жана акча которуулар; 

* Картага жана телефон номерлер боюнча акча которуулар, ошондой эле төлөм жүргүзүүнүн башка сервистери; 

Мындан тышкары, бул убакыт аралыгында төлөм терминалдары, мобилдик тиркемелер жана электрондук капчыктар аркылуу төлөм жүргүзүү жана кызматтарды толуктоо жеткиликсиз болот, анын ичинде: 

•  BakAi/BakAi Business мобилдик тиркемесиндеги карталык кирүү/чыгуу операциялары

•  Карталык жана жеке эсептерди толуктоо

•  Депозиттерди толуктоо 

•  Насыяларды төлөө, ошондой эле Ислам Каржы Борборлорундагы каржылоолор. 

Каржылык операцияларыңызды пландоодо жогорудагы абалды эске алууңуздарды, көрсөтүлгөн күндөрдөгү керектүү акчанын суммасын эсептеп, картадан алдын ала накталап алууну сунуштайбыз.  

Түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. 

Урматыбыз менен Бакай Банк.

Поделиться