1 июль 2026
BAKAI Камсыздандыруу: такси жана жүргүнчүлөрдү ташуучулар үчүн жүргүнчүлөрдү милдеттүү камсыздандырууга 30% кешбэк
BAKAI Камсыздандыруу: такси жана жүргүнчүлөрдү ташуучулар үчүн жүргүнчүлөрдү милдеттүү камсыздандырууга 30% кешбэк

2026-жылдын 1-июлунан тартып Жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полисинин (ОСГОПП) болушу Кыргызстандын бардык жүргүнчү ташуучулары үчүн милдеттүү талап болмокчу.

BAKAI Камсыздандыруу BAKAI мобилдик банкынан бир жылдык ОСГОПП полисин сатып алууда 30% кешбэк кайтаруу акциясын ишке киргизет. Акция 2026-жылдын 18-июнунан 1-сентябрга чейин аракетте болот жана ташуучуларга мыйзам талаптарын аткаруу менен бирге, төлөгөн каражатынын бир бөлүгүн кайра эсепке кайтарып алууга мүмкүнчүлүк берет.

Мисалы:

Бир жылдык полистин баасы 410 сом (шаар ичиндеги жеңил такси үчүн)

30% кешбэк – 123 сом дароо эсебиңизге кайтарылат.

ОСГОПП деген эмне жана ал эмне үчүн керек?

ОСГОПП – бул ташуучунун күнөөсү менен болгон жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында жүргүнчүлөр жаракат алган же каза болгон учурда аларды коргоону камсыз кылган милдеттүү камсыздандыруу полиси.

Мыйзамдарга ылайык, ОСГОПП төмөнкү жүргүнчү ташуучулардын бардыгы үчүн милдеттүү:

таксилер жана таксопарктар

кичи автобустар жана маршруттук таксилер

автобус жүргүнчү ташуучулары

шаар аралык жана эл аралык ташууларды жүзөгө ашырган компаниялар

ОСГОПП эмнелерди камтыйт?

Полис ташуу учурунда жүргүнчүлөргө зыян келтирилген учурда камсыздандыруу төлөмдөрүн карайт:

жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян

жүргүнчүлөрдүн мүлкүнө келтирилген чыгым

ташуучунун каржылык жоопкерчилиги

ОСГОПП таризделбесе эмне болот?

2026-жылдын 1-июлунан тартып полистин жоктугу төмөнкү кесепеттерге алып келиши мүмкүн:

лицензия алуудан же аны узартуудан баш тартылуусуна;

айып пулдарга;

ташуу ишмердүүлүгүнө чектөөлөрдүн киргизилишине;

толук каржылык жоопкерчиликти ташуучу өзүнө алуусуна.

ОСГОПП полисин кантип онлайн тариздөөгө болот?

Полисти BAKAI мобилдик банкында бир нече мүнөттүн ичинде онлайн тариздөөгө болот.

«Сервистер → Камсыздандыруу → Жүргүнчүлөр» бөлүмүнө өтүңүз. Полисти тез, ыңгайлуу жана кеңсеге барбастан алыңыз.

BAKAI Камсыздандыруу акциясы

BAKAI мобилдик банкында бир жылдык ОСГОПП полисин сатып алган кардар эсепке реалдуу акча түрүндө 30% кешбэк алат.

Акциянын мөөнөтү: 2026-жылдын 18-июнунан 1-сентябрына чейин.

BAKAI Камсыздандыруу ташуучуларга жаңы талаптарга жеңил, тез жана пайдалуу түрдө даярданууга жардам берет.

glasses

Жеткиликтүүлүк режими

Жөндөөлөр

Шрифттин өлчөмү

Контрасттын түсү

Шрифт

Түстөрдүн схемасы