
Бишкекте BAKAI’дын колдоосу менен М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин лицейинде жаңы заманбап футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул окуя университеттин спорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп, лицейдин студенттерине дене тарбия жана спорт менен активдүү машыгууга, мелдештерге катышууга жана командалык рухту бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Иш-чарага студенттер, окутуучулар, университеттин өкүлдөрү жана коноктор катышып, билим берүү коомчулугу үчүн маанилүү окуяга айланды.
Ачылыш аземине спорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана жаштардын демилгелерин колдоо багытында лицейдин өнөктөшү болгон BAKAI’дын өкүлдөрү да катышты. Банк спортту, сергек жашоо образын жана билим берүү демилгелерин жигердүү колдоп келет. Алардын катарында VISA Triathlon, BAKAI JAZ DEMI, Улуттук олимпиада комитети менен болгон кызматташтык, ошондой эле Кыргызстандын улуттук курама командаларын жана BAKAI амбассадорлорун, анын ичинде UFC чемпиону Валентина Шевченкону колдоо сыяктуу долбоорлор бар.

“BAKAI үчүн жаштарды бириктирип, алардын өнүгүүсүнө шарт түзгөн долбоорлорду колдоо маанилүү. Спорт студенттерге тартипти, жоопкерчиликти жана өзүнө болгон ишенимди калыптандырууга жардам берет. Жаңы спорттук аянтчалар активдүү жашоо образына жана жаңы ийгиликтерге жол ачат”,- деп белгилешти банктан.
Футбол аянтчасынын ачылышы КЭУнун студенттери үчүн заманбап жана ыңгайлуу инфраструктураны түзүүгө багытталган дагы бир маанилүү кадам болду. Жаңы аянтча үзгүлтүксүз машыгууларды өткөрүүгө, спорттук мелдештерди уюштурууга жана сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түзөт.
Банктар аралык процессинг борбору (Элкарт), BAKAI жана Кесиптик бирликтер федерациясы масштабдуу социалдык долбоорду ишке киргизүүдө10 август 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI 2025-жылдагы Туруктуу өнүгүү боюнча отчетун жарыялады6 август 2026
Кененирээк маалымат
Жөнөкөй, коопсуз жана жеке төлөм жүргүзүү кызматы болгон Apple Pay эми BAKAI карталарынын ээлери үчүн жеткиликтүү28 июль 2026
Кененирээк маалымат