15 июль 2026
АКШ, Түркия, Гонконг, Индия жана Европа өлкөлөрү эми мурдагыдан да жакын: Visa Direct Account бизнестеги эл аралык эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтөт
АКШ, Түркия, Гонконг, Индия жана Европа өлкөлөрү эми мурдагыдан да жакын: Visa Direct Account бизнестеги эл аралык эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтөт

BAKAI Business — ишкерлер үчүн каржылык кызматтарды, санариптик чечимдерди жана эл аралык төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн бириктирген заманбап экосистема. Анын жардамында компаниялар эсептешүүлөрдү натыйжалуу жүргүзүп, чет өлкөдөгү өнөктөштөр менен кызматташып, ишкерликтин географиясын кеңейте алышат.

Андагы негизги инструменттердин бири болуп Visa Direct Account саналат. Бул сервис дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндөгү, анын ичинде АКШ, Түркия, Гонконг, Индия жана Европа мамлекеттериндеги банктык эсептерге түз акча которууга шарт түзөт.

Сервис толугу менен санариптештирилген, татаал процедураларды талап кылбайт жана эл аралык эсептешүүлөрдү тез, ыңгайлуу жана коопсуз ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жаратат.

Visa Direct Account’тун бизнес үчүн негизги мүмкүнчүлүктөрү:

1.  Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эсептешүү — чет өлкөдөгү өнөктөштөр менен товар жана кызматтар үчүн төлөмдү тез жана ыңгайлуу жүргүзүү;

2.  Жеткирүүчүлөргө төлөм – сатып алууларды жөнөкөйлөтүү жана эл аралык төлөмдөрдү ишке ашырууга коротулган убакытты кыскартуу;

3.  Логистикалык жана башка эл аралык кызматтарга төлөм – жеткирип берүү, транспорттук кызматтар жана коштоп жүрүүчү сервистер үчүн эсептерди ачык-айкын жүргүзүү.

BAKAI Business ишкерлер бизнести натыйжалуу жүргүзүп, дүйнөнүн бардык бурчундагы өнөктөштөр менен кызматташуусу үчүн заманбап каржылык инструменттерди түзүү менен эл аралык эсептешүү кызматтарын кеңейтүүнү улантат.

glasses

Жеткиликтүүлүк режими

Жөндөөлөр

Шрифттин өлчөмү

Контрасттын түсү

Шрифт

Түстөрдүн схемасы