Акыркы күндөрү интернетте банктар “ак” долларларды – эски үлгүдөгү банкнотторду кабыл албай калгандыктары тууралуу билдирүүлөр пайда болду. Бакай Банк ошоло доллардарды жаңы купюралар менен бирге кабыл алууну улантууда. Бирок, бир катар өзгөчөлүктөр бар, аларды билүү зарыл.
“Ак” доллар аталышы менен белгилүү болгон эски үлгүдөгү долларлар азыркы, коргоосу жакшыртылган заманбап купюралар киргизиле элек кезде, АКШнын Федералдык резервдик системасы тарабынан чыгарылган. Бул банкноттордун дизайны жаңы банкнотторго карагда жөнөкөйүрөөк жана коргоочу функциясы азыраак.
Көрүнүшү эски болуп калгандыгына карабастан, “ак” долларлар мыйзамдуу төлөм каражаттары бойдон калууда. Бирок, айрым учурларда финансылк мекемелер жана кардарлар аларды алмаштырууда же өткөрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болушууда, мунун өзү жасалма доллар болуп калуу коркунучуна же жаңы банкнотторго артыкчылык берилиши менен байланыштуу.
Ушул өзгөчөлүктөргө байланыштуу “ак” долларларды кардарлар аз пайдаланышып, ал эми айрымдар аларды кабыл алуудан баш тартышууда. Натыйжада, ошондой купюралар банктык кассаларында жыйналып калууда. Эски үлгүдөгү банкноттордун ашыкча жыйналуу көйгөйүн чечүү үчүн алар чет өлкөгө ташылып чыгып, ошол жактан алмаштырылат. Мунун өзү аларды ташуу, жана банк-корреспонденттердин комиссиясы сыяктанган кошумча чыгымдар менен коштолот жана ал чыгымдар ошондой долларларды алмаштыруу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына кошулат.