Көңүл буруңуз! 2026-жылдын 07-апрелинен тартып, BakAi мобилдик тиркемеси (мындан ары – BakAi) аркылуу Банктын кардарларына акча каражаттарын которуу шарттарына өзгөртүүлөр киргизилет, эгерде жөнөтүү валютасы алуучуга түшүүчү валютадан айырмаланса (телефон номери, карта номери же банктык эсеп аркылуу которууда).
Мындай учурда BakAi аркылуу которуу операциясы каражаттарды Банктын операция жүргүзүлгөн учурдагы нактасыз курсу боюнча автоматтык конвертациялоо менен ишке ашырылат. Акыркы эсепке түшкөн сумма колдонулган курс жана Банктын тарифтерине ылайык каралган мүмкүн болгон комиссияларды эске алуу менен аныкталат.
Которуу ыкмасына жараша (телефон номери, карта номери же эсеп номери аркылуу) каражаттарды эсепке алуу логикасы айырмаланышы мүмкүн экенин эске алыңыз.
Мисалы:
| Которуу ыкмасы | Жөнөтүүчүнүн эсеп валютасы | Алуучунун эсеп валюталары | Эсепке түшүүчү валюта | Киргизилген сумма | Курс | Эскертүү |
|---|---|---|---|---|---|---|
| телефон номери боюнча | KGS | KGS, USD, KZT | USD (демейки карта валютасы) | 1 USD | 87,5 KGS (эсептен чыгарылды) = 1 USD | Банктын нактасыз сатуу курсу боюнча конвертация |
| карта номери боюнча | USD | KGS, USD, KZT | KGS (көрсөтүлгөн картанын валютасы) | 1 USD | 1 USD (эсептен чыгарылды) = 87,0 KGS | Банктын нактасыз сатып алуу курсу боюнча конвертация |
| эсеп номери боюнча | USD | KGS, USD, KZT | Жөнөтүү валютасында эсеп табылган | 1 USD | 1 USD (эсептен чыгарылды) = 1 USD | Конвертация жок |
Которуунун акыркы суммасы өзгөрүшү мүмкүн экенин эске алып, алдын ала колдонулуп жаткан конвертация схемасы жана валюталардын курстары менен таанышып чыгууну сунуштайбыз.
Конвертация схемасы тууралуу толук маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу алсаңыз болот.