glasses

Жеткиликтүүлүк режими

Жөндөөлөр

Шрифттин өлчөмү

Контрасттын түсү

Шрифт

Түстөрдүн схемасы

12 июль 2023
Нак эмес АКШ долларын жана Еврону нак акчага айландыруу үчүн убактылуу комиссиялардын төмөндөшү

Урматтуу кардарлар,

Нак эмес АКШ долларын жана Еврону эсептешүү эсептеринен жана POS-терминалдар (Банктын кассалары) аркылуу банктык төлөм карталардан нак акчага айландыруу үчүн убактылуу комиссиялар төмөнкү тарифтерге ылайык төмөндөгөндүгүн билдиребиз:

1. Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын эсептешүү эсептеринен нак акчага айландыруу – нак акчага айландырылган сумманын 0,7 пайызы.

2.             2.1. Башка банктардын карталары:

- VISA - cумманын 2 пайызы, минимум 5 АКШ долл., чектөөсүз;

- ЭЛКАРТ/ЭЛКАРТ-Мир, Мир – АКШ доллары менен берүүлөр токтотулду.

 

2.2. Достук тармактын карталары ("КИКБ" ЖАК, "Айыл Банк" ААК, "Азия Банкы" ЖАК, "Дос-Кредобанк" ААК, "Финанс Кредит Банк КАБ" ААК, "Капитал Банк" ААК):

- VISA - АКШ доллары менен берүүлөр токтотулду;

- ЭЛКАРТ/ЭЛКАРТ-Мир –АКШ доллары менен берүүлөр токтотулду.

 

2.3. «Бакай Банк» ААКтын карталары

- VISA –  сумманын1 пайызы, минимум 1 АКШ доллары, чектөөсүз;

- ЭЛКАРТ/ЭЛКАРТ-Мир –АКШ доллары менен берүүлөр токтотулду.

 

2.4. Карттык эсеп нак акча менен толукталган шартта карттык эсептен нак акчага онлайн айландыруу – 0,3%. Акча каражаттары нак эмес  чегерүү/которуу/нак эмес АКШ долларын сатып алуу жолу менен келип түшкөн болсо – комиссия 1%, чектөөсүз.