Урматтуу кардарлар!
Биз ар дайым өзүбүздүн сервистерибизди жакшыртуунун үстүндө иштерди алып барабыз. Ушуга байланыштуу 2023-жылдын 30-31-август күндөрү О! Мобилдик операторунун линиясында техникалык иштерди жүргүзүү пландаштырылууда.
Аталган оператордун номерлеринен Байланыш-борборунун 6111 телефонуна чалуулар жеткиликсиз болот.
Байланыш-борборуна башка мобилдик операторлордон чалса болот жана 0554006111 номерине Whatsapp аркылуу байланышса болот.
Бакай Банк түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирет!