
BAKAI маркетплейстер үчүн масштабдуу акцияны ишке киргизет: 2025-жылдын 15-декабрынан 2026-жылдын 15-майына чейин маркетплейстер үчүн мобилдик эквайринг боюнча комиссия алынбайт (0%).
Бул чечим онлайн-бизнес үчүн өсүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, операциялык чыгымдарды кыскартат жана накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алууну дагы да пайдалуу жана ыңгайлуу кылат.
Акция каалаган категориядагы маркетплейстерге жана онлайн-платформаларга жайылтылат — электроника жана тиричилик техникасынан тартып кийим-кече, үй-тиричилик товарлары, балдар товарлары, косметика, санариптик продуктылар жана электрондук коммерциянын башка багыттарына чейин.
Эми BAKAIдын корпоративдик кардарлары мобилдик эквайринг аркылуу төлөмдөрдү толук комиссиясыз кабыл ала алышат. Бул сатуулардын өсүшүн тездетип, сатып алуучулар үчүн накталай эмес төлөмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.
Кыргызстанда маркетплейстер рыногу тездик менен өнүгүп жатат, ал эми банктар заманбап санариптик инфраструктураны калыптандырууда маанилүү роль ойнойт.
BAKAIда комиссиянын нөлгө түшүрүлүшү менен ишкерлер төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат:
Биздин максат — бизнеске өсүүгө көмөкчү болгон инструменттерди берүү. Маркетплейстер рыногу канчалык тез өнүгүп жатканын көрүп турабыз жана Кыргызстанда онлайн-сооданын жаңы стандарттарын түзүп жаткан чакан жана орто бизнести колдоону каалайбыз. Комиссиянын нөл болушу — бизнеске түшкөн жүктү азайтып, кошумча дем берген натыйжалуу чечимдердин бири.
Акциянын мөөнөтү: 2025-жылдын 15-декабрынан 2026-жылдын 15-майына чейин.