
2025-жылдын 20-сентябрынан тартып 31-декабрга чейин BAKAI туристтик тармактагы корпоративдик кардарлар үчүн атайын акциясын баштады. Бул мезгил аралыгында мобилдик эквайрингди колдонуу боюнча комиссия 0%ды түзөт. Бул бизнес жаатында накталай эмес төлөмдөрдү мурдагыдан да ыңгайлуу жана пайдалуу кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.
Акция авиабилет, тур, экскурсия сатып алуу, мейманканаларды алдын ала ээлөө, трансфер жана башка туристтик кызматтарды сунуштаган онлайн тревел-сервистерге тиешелүү. Эми банктын өнөктөштөрү кардарлардан мобилдик эквайринг аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү комиссиясыз кабыл ала алышат. Бул бизнесте, айрыкча сезон учурунда кирешени көбөйтүп, операцияларга кеткен чыгымдарын азайтууга жардам берет.
Биз өнөктөштөрүбүзгө бизнесин ыңгайлуу шарттарда өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүүнү көздөйбүз. Туристтик сектор активдүү өнүгүп жаткан убакта компанияларды колдоо өзгөчө мааниге ээ. Комиссияны жоюу — бул travel-индустрияны өнүктүрүүгө жана кардарларды тейлөөнүн сапатын жакшыртууга кошкон салымыбыз.
Акцияга кошулуу үчүн төмөнкү дарекке кат жөнөтсөңүздөр болот: dakopyan@bakai.kg.
Акциянын аракеттеги мөөнөтү: 20-сентябрь 2025 — 31-декабрь 2025.
BAKAI — чыныгы маанилүү нерселер үчүн.