
2026-жылдын 1-августунан 31-августуна чейин BAKAI Visa жана ЭЛКАРТ+ карталарынын ээлери үчүн лоялдуулук программасынын алкагында атайын сунушту ишке киргизет. Жаңы окуу жылынын алдында кардарлар белгилүү категориялардагы сатып алуулар үчүн 5%га чейин кешбэк ала алышат.
Август айы ичинде кеңсе товарлары, китептер, мектепке жана кеңсеге керектүү буюмдар, ошондой эле гезиттер менен мезгилдүү басылмалар үчүн төлөм жүргүзгөндө 5% кешбэк эсептелет. Сунуш кадимки дүкөндөрдө да, интернет аркылуу жасалган сатып алууларга да тиешелүү.
Мындан тышкары, Visa карталарынын ээлери онлайн сатып алуулар үчүн лоялдуулук программасынын шарттарына ылайык 3%га чейин кешбэк ала алышат.
ЭЛКАРТ+ карталарынын ээлери үчүн программада каралган өзгөчө учурларды эске албаганда, дээрлик бардык сатып алууларга 5% кешбэк каралган.
BAKAI «Пенсионердин картасынын» ээлери үчүн да өзгөчө шарттарды сактап келет. Бул карта менен дарыканаларда жана оптика дүкөндөрүндө төлөм жүргүзгөндө 5%, супермаркеттерде жана азык-түлүк дүкөндөрүндө 1%, ал эми программада көрсөтүлгөн айрым операцияларды кошпогондо, башка бардык сатып алуулар үчүн 3% кешбэк эсептелет.
Акция 2026-жылдын 1-августунан 31-августуна чейин күчүндө болот. Кешбэк Банктын лоялдуулук программасынын шарттарына ылайык эсептелет. Айрым операцияларга карата чектөөлөр колдонулат.
Маанилүү: 2026-жылдын 1-августунан тартып Mastercard карталары боюнча кешбэк убактылуу токтотулат.
Лоялдуулук программасынын толук шарттары менен Банктын расмий маалымат булактарынан тааныша аласыз https://bakai.kg/ky/cashback/