glasses

Жеткиликтүүлүк режими

Жөндөөлөр

Шрифттин өлчөмү

Контрасттын түсү

Шрифт

Түстөрдүн схемасы

13 август 2025
Башка банкта насыяңыз барбы? Аны төмөнкү 18% чен менен Bakai Bank’ка өткөрүңүз (рефинансылоо)
Башка банкта насыяңыз барбы? Аны төмөнкү 18% чен менен Bakai Bank’ка өткөрүңүз (рефинансылоо)

2025-жылдын 12-августунан 30-сентябрына чейин Bakai Bank кардарларына пайдалуу мүмкүнчүлүктү – башка банктардан же чакан каржылоо уюмдарынан алган насыяларыңызды жылдык 18% чен башталган төмөндөтүлгөн чен менен рефинансылоону сунуштайт. Эми сиз өзүңүздүн бересеңизди Bakai Bank’ка оңой эле өткөрүп, чыгымдарды оптималдаштырып, ай сайын төлөнүүчү төлөм жүгүн азайтсаңыз болот.

“Суперэкспресс” продуктусу менен рефинансылоо – бул аз төлөп, жеңил жашоонун жөнөкөй ыкмасы. Банктын айлык-маяна боюнча кардарлары жана пенсионер кардарлары жылдык 17,8%дык ченди пайдалана алат, башка кардарлар үчүн бул чен жылдык 18%ды түзөт. 

Биз жогорку пайыздык чен каржылык туруктуулукка көп учурда тоскоолдук жаратарын түшүнөбүз. Биздин максат – кардарларга көнүп калган төлөм графигин өзгөртпөстөн чыгымдарын азайтып, карыздарынан кутулууну оңойлоштурууга инструмент берүү. 

Рефинансылоо төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк жаратат: 

•⁠  ⁠Учурдагы насыя боюнча ченди төмөндөтүү;

•⁠  ⁠Ай сайын төлөнүүчү төлөмдү азайтуу;

•⁠  ⁠Насыяларды бириктирип, каражаттарды башкарууну жөнөкөйлөштүрүү. 

Кайра каржылоонун эң жогорку суммасы:

•⁠  ⁠айлык маяна долбоорунун катышуучулары жана пенсиясын банк аркылуу алган жарандар үчүн 1 000 000 сомго чейин;

•⁠  ⁠⁠жөнөкөй жеке жактар үчүн 500 000 сомго чейин.

Акция 2025-жылдын 30-сентябрына чейин уланат. Шарттар тууралуу кененирээк, керектүү документтердин тизмеси жана онлайн-билдирме калтыруу банктын бөлүмдөрүндө, расмий сайтында жеткиликтүү. 

Bakai Bank — чынынгы маанилүү нерселер үчүн.

Консультант
Кеңеш алуу үчүн билдирме калтырыңыз
Дагы суроолор барбы? Жооп берүүгө кубанычта болобуз
flagchevron
+996