
Борбор Азиядагы UFC Eurasia уюмунун эксклюзивдүү өнөктөшү болгон BAKAI Visa UFC картасынын ээлери үчүн масштабдуу акция жүргүзүүдө.
Спортко жана активдүү жашоо образына байланыштуу ар бир сатып алуулар картаңызга чыныгы акча түрүндө 5% кешбэк алып келет. Ал эми Visa UFC картасы аркылуу төлөнгөн башка бардык сатып алуулар үчүн 3% кешбэк берилет. Машыгып, өнүгүп-өсүп, ар бир кадамдан кошумча пайда көрүңүз!
Акция төмөнкү категориялардагы төлөмдөргө жарактуу:
* Спорттук товарлар жана аксессуарлар дүкөндөрү;
* Фитнеске жана командалык спорт түрлөрүнө керектүү спорттук кийимдерге;
* Спорт аянтчалары жана иш-чаралар — футболдон тартып мастер-класстарга чейин;
* Клубдар жана аларга мүчө болуу — анын ичинде жеке спорттук аянтчалар менен гольф-аянтчаларга да акция жарактуу.
Эске салсак, BAKAI Борбор Азиядагы UFC Eurasia уюмунун эксклюзивдүү өнөктөшү. Учурда Visa UFC картасынын ээлери үчүн ири акция өтүүдө. Акциянын жыйынтыктоочу этабындагы баш байге — авиабилеттер, мейманканада жашоо жана UFC Fight мелдешине кирүү билеттери камтылган эки кишилик жолдомо.
Акциянын катышуучуларын башкы байгеден тышкары төмөнкү белектер күтөт:
🔹 Garmin Fenix жана Garmin Instinct смарт-сааттары
🔹 Whoop фитнес-браслети
🔹 фитнес-клубка абонементтер
🔹 спорттук дүкөндөргө сертификаттар
🔹 BAKAI UFC брендделген продукциясы.
Канчалык активдүүлүк көп болсо BAKAI UFC чемпиону болууга мүмкүнчүлүк ошончолук чоң. Упайлар төмөнкү аракеттер үчүн эсептелинет:
🔹 POS-терминалдар аркылуу Visa UFC картасы менен төлөм жүргүзүү
🔹 онлайн-сатып алуулар
🔹 BAKAI Travel аркылуу сатып алуулар
🔹BAKAI Store'дон буюртма
🔹 коммуналдык кызматтар үчүн төлөм
🔹 Tiki Tiki сервиси аркылуу билеттерди сатып алуу
🔹 картаны ай ичинде активдүү колдонуу.
BAKAI’дын Visa UFC картасы менен спорт пайдалуураак: машыгыңыз, спорт клубдарга, спорттук иш-чараларга катышыңыз, өзүңүздү өнүктүрүңүз. Ал эми кешбэк менен бонустар ар бир төлөмдү дагы да пайдалуу кылат!
* Акциянын шарттары тууралуу кененирээк маалымат bakai.kg сайтында жана BAKAI мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.
* Акция 2026-жылдын 18-майында башталган, 31-октябрга чейин уланат. Акцияга дароо катышуучу болосуз, болгону Visa UFC картасынын колдонуучусу болуп, BAKAI мобилдик тиркемесин пайдаланып, акциянын шарттарын аткаруу жетиштүү. Толугураак маалымат bakai.kg сайтында.