Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Акча каражаттарын дүйнө жүзү боюнда дароо которуу

БАКАЙ БАНК акча котруу системаларынын кеңири спектрин жана эсеп ачуусуз эле дүйнө жүзү боюнча акча каражаттарын которуу же акча которууларды алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт!

Азыркы учурда БАКАЙ БАНКТЫН 130дан ашуу бөлүмдөрү Кыргызстанды бардык аймактарында акча которууларды жөнөтүүж жана акча которууларды төлөп берүү боюнча сапаттуу, тез жана ыңгайлуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунушташат.

Transfer MoneyGram
Жабуу

MoneyGram

MoneyGram – бул, тез арада ишенимдүү негизде эл аралык акча которууларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү. MoneyGram аркылуу которулган акчаны да оңой эле алууга болот, анткени ал дүйнө жүзүнүн 200 ашуун өлкөсүндө кеңири тараган бөлүмдөргө ээ.

 

Шарттары:

 

  • Которуу валютасы: АКШ доллары (USD)
  • Которуу наркы*: 3 $дан башталат
  • Maксималдуу которуу суммасы - 10 000$ чейин
  • Которуу тездиги – бир нече мүнөт ичинде
  • Которуу статусу жөнүндө маалыматты MoneyGram системасынын сайтынан алууга болот.       

Системада белгиленген бирдиктүү тариф жок. Ал которуу суммасына, каражат кайсыл өлкөгө которулушуна, кайсыл өлкөдөн алынышына жана которуу учурунда жүрүп жаткан атайы тарифтер белгиленген акцияларга жараша белгиленет. Ошондуктан, ар бир айкын учурдагы которуу суммасына тарифтерди банктын бөлүмдөрүнөн акча которуу учурунда билип алуу талап кылынат.

Которуу статусун билүү

Төлөм системасынын сайты

Банктын бөлүмдөрү
Transfer CONTACT
Жабуу

CONTACT

CONTACT

CONTACT – бул система 1999-жылдан тартып жөнгө салынып, Россиянын алгачкы акча которуу системасынан болуп саналат. CONTACT системасы учурда Россия, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерде кеңири колдонулуп жаткан акча которуу системаларынын ичинде алдыңкы саптагы лидердин бири. Россиянын аймагында иштеп жаткан жана дүйнө жүзү боюнча  900 ашуун финансылык институттар CONTACT системасынын жигердүү өнкөтөшүнөн болгон болсо, анын эл аралык түйүнү 170 көп өлкөнүн 500 ашуун тейлөө пунктун – банктык бөлүмдөрдү, төлөм терминалдарын, банктык төлөм агенттерин ж.б. өзүндө камтайт. 

"БАКАЙ БАНКЫ" ААКсынын кеңселеринде жөнгө салынган CONTAC төлөм системасынын жардамы менен эсеп ачуусуз эле, эң эле жөнөкөй жол-жоболор боюнча арзан баада акча которуп, которулган акчаны тез арада алууга болот:

  •  акча которууга тариф 1% башталат;
  • дүйнө жүзү боюнча – Кыргызстан, Россия, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр – бардыгы болуп 170 өлкө;
  • рублде жөнөтөлүүчү каражаттын максималдуу суммасы 600 000 , долларда 20 000, евродо 20 000;
  • РФнын рублинде, АКШ долларында жана евродо;
  • төлөөлөр – которулган акчаны CONTACTтын Кыргызстандагы, Россиядагы, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү кайсыл болбосун пунктунан алууга болот.

Системанын негизги артыкчылыктары:

  • Пайдалуу жагы – банктын кызмат көрсөтүүсүнө жөнөтүүчү төлөп берет. Ал эми которулган акчаны төлөп берүү акысыз ишке ашырылат.
  • Ыңгайлуулугу – акча которуу үчүн банктын реквизиттерин толук жазуунун деле зарылчылыгы жок, болгону тиешелүү өлкөнү атап, алуучунун аты-жөнүн билдирүү гана жетиштүү.

 

  • Тездиги -  акча которуу жол-жобосунун жөнөкөйлүгү, ал болгону бир нече мүнөттү талап кылат жана мында, тиешелүү бланкты толтуруп олтуруунун да кажети жок.
  • Ишенимдүүлүгү – акча котроруу коопсуздугу маалыматты коргоо жагындагы алдыңкы технологияларды камтыган атайы программалык комплекс менен камсыз кылынган.

 

Бул жерде ошондой эле, Onlineкоторуу статусу тууралуу да билүүгө болот

Сайттын расмий баракчасы

Банктын бөлүмдөрү
Transfer Western Union
Жабуу

Western Union

Western Union

 «БАКАЙ БАНКЫ» ААКсы дүйнө жүзү боюнча тез жана ыңгайлуу шарттарда акча которуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт!

WESTERN UNION-бул:

  • 550 ашуун тейлөө пункттарына
  • 200 ашуун өлкөдө пункттарга
  • Жалпы жүгүртүүсү 150 миллиард доллардан ашкан
  • Тарифи 2 АКШ долларынан тартып, андан жогору белгиленген
  • Максималдуу жөнөтүү суммасы 7 500$ түзгөн ыңгайлуу система.

Которуу тарифтери

Которуу статусун билүү

Банктын бөлүмдөрү
Transfer Юнистрим
Жабуу

Юнистрим

Юнистрим

Юнистрим акча которуу системасы рынкто 2001-жылдан тартып пайда болуп, анда түптөлгөн жагдайга кылдат талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү аркылуу ошол учурда рыноктун негизги оюнчулары сунуштаган акча которуу тарифтеринин өтө эле жогору белгилениши ыңгайсыздыгынан улам көпчүлүк жарандар үчүн анын алгылыксыз экендигин  түшүнүп, башка төлөө шарттарын сунуштоо менен ишенимдүү которуу системасына айланган. Россияда жана КМШ өлкөлөрүндө которуу суммасынан 1% өлчөмүндө минималдуу комиссиялык төлөмдү белгилөө менен кардарларга алгылыктуу шарт  түзүп, алардын ишенимине жана татыктуу абройго ээ болгон.

Юнистрим -  КМШ өлкөлөрүнө, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө эсеп ачуусуз эле дароо  акча которуу мүмкүнчүлүгү.

 

Юнистрим акча которуу системасынын жардамы аркасында "БАКАЙ БАНКЫ" ААКсынын кеңселеринде эсеп ачуусуз эле дароо акча которуп, которулган акчаны алуу ыңгайлуулугу жөнгө салынган:

  •  акча которууга тариф 1% башталат;
  • дүйнө жүзү боюнча – Кыргызстан, Россия, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр – бардыгы болуп 150 ашуун өлкө;
  • рублде жөнөтөлүүчү каражаттын максималдуу суммасы 600 000 , долларда 10 000, евродо 10 000;
  • РФнын рублинде, АКШ долларында жана евродо;
  • төлөөлөр – которулган акчаны Кыргызстанда, Россияда, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү кайсыл болбосун пункттан алууга болот.

 

Которуу статусун билүү

Компаниянын расмий сайты

Которуу наркын билүү жана комиссиялык төлөмдү эсептөө

Банктын бөлүмдөрү
Transfer Золотая Корона
Жабуу

Золотая Корона

Золотая корона

“Золотая Корона – акча которуу» системасы – Россиянын, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн аймагы боюнча 50 миңден ашуун тейлөө пункттарына ээ болгон, эсеп ачуусуз эле дароо акча которуу ыңгайлуулугун сунуштаган тейлөө кызматы. Учурда 550 ашуун банк анын активдүү катышуучусунан болуп саналат.  

«Золотая Корона – акча которуулар» – бул:

  • акча жөнөтүү үчүн 0,95% тартып белгиленген минималдуу тариф;
  • рублде жөнөтүлүүчү каражаттын максималдуу суммасы 600 000,  доллар түрүндө 10 000, ал эми евродо 10 000
  • Контролдоо – “Золотая Корона – акча которуу» сайты аркылуу on-line  режиминде которулган акча  каражатын контролдоп турууга болот.  

 

 «Золотая Корона»  системасы аркылуу акча которуу тарифтери

 

«БАКАЙ БАНКЫ» ААКсынын акча которуу же которулган акчаны алууга шарт түзгөн пункттарынын тизмеси

 

Банктын бөлүмдөрү
Transfer Бакай Трансфер
Жабуу

Бакай Трансфер

Бакай трансфер

Комиссиялык төлөм:  

Улуттук валютада: которуу суммасынан минималуу комиссиялык төлөм 50 сом  

Чет өлкө валютасында:  которуу суммасынан минималуу комиссиялык төлөм  1доллар США; 1 EURO, 200 KZT, 50 RUB).

Валютасы: КРсынын сому, РФнын рубли, АКШ доллары, Евро, казак теңгеси                       

Камтуу чөйрөсү:  Кыргыз Республикасы боюнча

Максималдуу которуу суммасы: 1 000 000 сомго, 700 000 рублге, 20 000$ АКШ долларына, 15 000 еврого, 3 000 000 теңгеге чейин.

Банктын бөлүмдөрү
Transfer Blizko
Жабуу

Blizko

"BLIZKO" — бул жекече тараптардын тез аранын ичинде, эсеп ачуусуз, Россия жана КМШ мамлекеттеринин алкагында Россия рубли, АКШ доллары жана евро түрүндө акча которуу системасы. Акча которуу убактысы - акча жиберилген убакыттан баштап 1 минутадан кийин; комиссия которулган суммага жараша кармалат. Которуу комиссиясы Blizko-нун коюлган тарифтерине жараша кармалат.

Банктын бөлүмдөрү
Transfer RIA Money Transfer
Жабуу

RIA Money Transfer

Ria Money Transfer рынкко 1987-жылдан бери аралашуу менен жыл ичинде жүгүртүүсү $575 миллиардка жеткен эл аралык акча которуулар боюнча дүйнөлүк үч лидердин катарына кирет жана ааламдагы алты континенттин 150 өлкөсүндө 350 000 ашуун пункттарга ээ болгон глобалуу түйүн болуп санлат.

 

Ria – бул, Европа, АКШ, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө эң эле алгылыктуу тарифтер боюнча тез акча которуу ыкмасы.

Ria аркылуу жакындарың жаныңда...

Ria Money Transferдин артыкчылыктары:

  • которулган акчаны саналуу мүнөт ичинде эле алууга болот;
  • чет өлкөлөргө акча которуу евродо/АКШ долларында жүргүзүлөт;
  • комиссиялык төлөм акчанын кайсыл өлкөгө которулушуна жараша которуу суммасынан 1-3% түзөт;
  • .

Ria Money Transfer аркылуу акча которуулар коммерциялык болуп саналбайт!

 Компаниянын расмий сайты

 Которуу статусуна көз салуу

Банктын бөлүмдөрү