Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Банктык эсепти ачуунун жана тейлөөнүн шарттары

BakaiBank жеке кардарлар үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү тейлөө сунуштайт

 

Бакай Банк жеке жактар үчүн акысыз тейлөө шарты менен эсеп ачуу кызматын пайдаланууну сунуштайт. Сиз эсепти пайдалангандыгыңыз үчүн абоненттик төлөм төлөбөйсүз, Сиз жүргүзүлгөн операциялар үчүн гана төлөйсүз. 

Акча каражаттарын сактоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланыңыз. Акча каражаттарына, анын ичинде чет өлкө валютасындагы каражаттарга дагы тез жеткиликтүүлүк алуу мүмкүндүгү сунушталат. Акча каражаттарыңызды коопсуз жерде сактаңыз, ири сатып алууларды тобокелсиз жүргүзүңүз,акча которуу жана валюта алмашуу операцияларын пайдаланыңыз.

Жеке адамдардын күнүмдүк эсеби аркылуу Сиз төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болосуз: 

  • Эмгек акыны, пенсияны, социалдык жөлөк пулдарды, ошондой эле мамлекеттик фонддордон жана коммерциялык уюмдардан башка төлөөлөрдү нак эмес которуу аркылуу алуу.
  • Кайрылган күнү нак акчаларды чегерүү жана чыгаруу.
  • Кыргызстандагы контрагенттерге, ошондой эле бүткүл дүйнө жүзү боюнча нак эмес төлөөлөрдү жүргүзүү.
  • Bakai24 мобилдик банкинг аркылуу операцияларыңызды контролдоо жака акча каражаттарыңызды тескөө. Банкта эсепти онлайн - ачуу кызматы сунушталат.
  • Валютаны алмашуу пункттарында кезекке турбастан эле ыңгайлуу курс боюнча алмаштыруу. 

 Жеке адамдын эсебин кантип ачса болот:

Ишкердик иш жүргүзүү менен байланышпаган, жеке максат үчүн банктык эсептерди ачуу үчүн көп убакыт талап кылынбайт. Жөн гана арыз берүү жетишүү. Арызды Банктын жакын аралыкта жайгашкан бөлүмдөрүнө келген учуруңузда берүүгө болот. Паспортуңузду ала келүүнү унутпаңыз.

Маалымат

Бакай Банк жеке кардарлар үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү тейлөө сунуштайт: 

Ошондой эле Бакай Банк тарабынан тейлөө: 

  • Пайдалуу тарифтер
  • Кенен жайылган филиалдык тармакта тейленүү
  • Натыйжалуу электрондук төлөмдөр (SWIFT)
  • Кенен жайылган корреспондентик тармак

Эсептешүү эсебин, карталарды толуктоонун жана кредиттерди төлөөнүн ыкмалары

Эсептешүү операциялары

  • Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери үчүн улутутк жана чет өлкө валютасында эсептешүү жана күндөлүк эсептердин бардык түрүн ачуу жана жүргүзүү
  • Кардардын тапшыруусуна ылайык анын банктык эсеби боюнча бир операциялык күн ичинде жүргүзүлгөн операциялар боюнча эсептешүүлөр
  • Экспорттук-импорттук операциялар боюнча эл аралык эсептешүүлөрдүн бардык формасын ишке ашыруу
  • Региондор ичинде жана региондор аралык электрондук эсептешүүлөр системасы боюнча сом түрүндө төлөмдөрдү өткөрүү
  • Чет өлкө банктарында ачылган корреспонденттик эсептер аркылуу SWIFT системасы боюнча эл аралык төлөмдөрдү өткөрүү
  • Акча каражаты банкка келип түшкөн күнү аларды кардарлардын эсептерине чегерүү
  • Акча каражаттарын эсептешүү эсебине келип түшкөн күнү пайдалануу
  • Банктык операцияларды жүргүзүү жана кассалык иш тартибин сактоо эрежелери боюнча кеп-кеңештерди алуу
  • Эсептер боючна акча каражаттарынын жылышына тиешелүү так маалыматтарды оперативдүү негизде сунуштоо
  • “Интернет-Банкинг”,"Банк-Кардар" жана "Мобилдик Банкинг"электрондук эсептешүүлөр системасы боюнча төлөмдөрдү өткөрүү

Кассалык операциялар

  • Банктын кассасындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттарын кабыл алуу жана кайрадан эсептеп чыгуу, аларды кардардын эсептешүү эсебине чегерүү
  • Банкнотту банкнотко/монетага алмаштырып берүү
  • Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү