Ар бир бизнестин өзүнчө өзгөчөлүгү бар, бирок эсеп ачпастан иш алып баруу өтө кыйын. Биз менен бүгүндөн баштап иштей баштаңыз жана сиздин уюм үчүн акысыз кассалык тейлөө алып, банктын ичинде жана филиалдар ортосунда комиссиясыз которууларды жүргүзүңүз. Бакай Банкта юридикалык эсеп ачуу - уюмдар, жеке ишкерлер үчүн комплекстүү чечим.
Бакай Банкта кассалык эсептешүү боюнча тейлөөнүн бизненс үчүн артыкчылыктары
- Акысыз тейлөө. Сиздин уюмуңуз боюнча операциялар жок болсо, эч нерсе төлөбөйсүз.
- Төлөм операцияларын жүргүзүү боюнча ыңгайлуу тарифтер.
- Кардардын эсебине акча каражаттарын чегерүү жана келип түшкөн күнү аларды нак акчага айландыруу.
- Кассалык тартипти сактоонун жана төлөм операцияларын жүргүзүүнүн тартиптери жөнүндө маалыматтык колдоо көрсөтүү. Салык органдарында көйгөйлөрдү болтурбоого жардам беребиз.
- Банк - Кардар системасы боюнча ыңгайлуу жана тез иш алып баруу. Меселелериңизди банкка келип отурбастан эле чечиңиз.
Эсеп ачуу - бул оңой
Юридикалык жактарга эсеп ачуу көп убакытты талап кылбайт. Онлайн арыз бериңиз, уюм же жеке ишкана үчүн документтердин стандарттык пакетин даярдыңыз. Банкта юридикалык жакка эсеп ачуу жөнүндө келишимге кол коюңуз дагы, иштеп баштаңыз.
Маалымат
Бакай Банк корпоративдик кардарлар үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү тейлөөнү сунуштайт:
Бакай Банк тейлөөсүнүн артыкчылыктары:
- Ыңгайлуу тарифтер.
- Кенен жайылтылган филиалдык тармакта тейленүү.
- Электрондук тейлөөлөрдүн натыйжалуу системасы (SWIFT).
- Корреспонденттик кенен тармак.