
BAKAI — КМШ өлкөлөрүндөгү UFCнин расмий банкы — кеңири масштабдагы акциянын жыйынтыгын чыгарып, күз айындагы башкы спорттук окуяга, 22-ноябрда Дохада (Катар) өтө турган UFC Fight Night Doha 2025 мелдешине жөнөп кетчү төрт жеңүүчүнүн аты-жөнүн жарыялады. Ар бир жеңүүчү дүйнөлүк деңгээлдеги бул легендарлуу турнирге өзүнө жана шеригине арналган толук турпакет алат: авиабилет, мейманканада жашоо жана мелдештин билеттерин камтыган жолдомо.
Жеңүүчүлөр аныкталды — төрт категория, төрт ийгилик окуясы
Акция 2025-жылдын 26-октябрынан 10-ноябрына чейин өтүп, BAKAI өз кардарларынын ар башка топторуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн жеңүүчүлөрдү төрт багыт боюнча аныктады.
Бул көп баскычтуу ыкма бир нече аудитория сегментин бир эле учурда камтууга мүмкүндүк берди: мобилдик тиркемени колдонгондорду, бизнес-кардарларды, камсыздандырылган кардарларды жана социалдык тармактардагы UFC күйөрмандарын.
Башкы белек — UFC Fight Night Doha 2025 мелдешине 8 жеңүүчүгө жана BAKAIдын эки амбассадору Айана Советовага (@aianasovetovaa_) жана Темирлан Оморовго (@_omorov) арналган унутулгус сапар.
Ар бир жеңүүчү BAKAI тарабынан берилген толук турпакеттин сертификатын алды, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
Биз кардарларыбызга ири окуялардын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаганыбызга кубанабыз. Жеңүүчүлөрдүн ар бир категориясы BAKAIдын негизги багыттарын чагылдырат: күнүмдүк сервистерди, бизнес чечимдерди, камсыздандыруу кызматтарын жана активдүү коомчулукту. Бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз жана кардарлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан жаркын акцияларды жаратууну улантабыз.
Банктар аралык процессинг борбору (Элкарт), BAKAI жана Кесиптик бирликтер федерациясы масштабдуу социалдык долбоорду ишке киргизүүдө10 август 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI 2025-жылдагы Туруктуу өнүгүү боюнча отчетун жарыялады6 август 2026
Кененирээк маалымат
Visa Кыргызстанда Apple Pay кызматын ийгиликтүү ишке киргизгени үчүн BAKAI'га сыйлык тапшырды29 июль 2026
Кененирээк маалымат