13 ноябрь 2026
BAKAI Mastercard компаниясынын «Жылдын мыкты маркетингдик кампаниясы» сыйлыгын алды
BAKAI Mastercard компаниясынын «Жылдын мыкты маркетингдик кампаниясы» сыйлыгын алды

Mastercard компаниясы банкты «Жылдын мыкты маркетингдик кампаниясы» номинациясы боюнча мыкты деп тапты. Бул сыйлык жаңы карталык өнүмдөрдү ишке киргизүү, креативдүү коммуникациялык кампанияларды жүргүзүү жана кардарлардын банктык кызматтарды колдонуу тажрыйбасын жакшыртуу багытында BAKAI аткарган иштерге берилген жогорку баа болду.

Жыл ичинде BAKAI Mastercard багытын ырааттуу өнүктүрүп, жаңы карталарды ишке киргизип, кызыктуу коммуникациялык кампанияларды уюштуруп, кардарларга банктык өнүмдөрдү колдонуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады.

Бул сыйлык команданын өнүмдү иштеп чыгуудан жана рыноктогу ордун аныктоодон тартып, креативдүү концепцияны түзүү, жайылтуу жана кардарлар менен иш алып барууга чейинки комплекстүү ишинин жыйынтыгын чагылдырат.

BAKAI үчүн маркетинг - бул жөн гана жарнама эмес. Ал банктык өнүмдөрдү кардарларга түшүнүктүү, таанымал жана суроо-талапка ээ кылууга жардам берген курал. Дал ушул ыкма банктын рынокто башкалардан айырмаланган жана эл аралык деңгээлде бааланган долбоорлорду ишке ашыруусуна шарт түзөт.

Mastercard компаниясынын бул сыйлыгы BAKAIдын маркетинг жаатындагы жогорку кесипкөйлүгүн тастыктап, Кыргызстандын финансы секторунда жаңы идеяларды ырааттуу ишке ашырып, жогорку стандарттарды калыптандырып келе жаткан бренд катары банктын ордун бекемдейт.

BAKAI Mastercard компаниясына ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирет жана заманбап кардарлардын күтүүлөрүнө жооп берген өнүмдөрдү жана коммуникациялык чечимдерди өнүктүрүүнү улантат.

Жеткиликтүүлүк жөндөөлөрү

Көрсөтүү

Кошумча жөндөөлөр