
BAKAI пенсиялык картаны тариздөөнү жеңилдетти: эми пенсияга чыга тургандар банктык реквизиттерин тапшыруу үчүн Социалдык фондго өзүнчө барбайт. BAKAIдын «Элкарт» пенсиялык картасын алдын ала онлайн тариздөөгө болот, ал эми пенсиялык төлөмдөр картага түшүшү үчүн керектүү реквизиттерди Банк өзү жөнөтөт.
Пенсия курагына жетерине 30 күн калганда BAKAI кардарга «Элкарт» пенсиялык картасын акысыз тариздөө үчүн шилтеме камтылган PUSH-билдирүү же SMS жөнөтөт.
Арызды бир нече мүнөттүн ичинде онлайн берүүгө болот. Ал үчүн шилтемеге өтүп, картаны алуу үчүн ыңгайлуу филиалды тандап, арызды SMS-код менен ырастоо жетиштүү.
Карта даяр болгондо кардарга билдирүү жөнөтүлөт. Андан соң картасын өзү тандаган филиалдан алып кете алат.
Жаңы кызматтын негизги артыкчылыгы - картанын реквизиттерин тапшыруу үчүн Социалдык фондго баруунун кажети жок. Пенсиялык төлөмдөрдү картага которуу үчүн керектүү маалыматтарды BAKAI өзү жөнөтөт. Бул Социалдык фондго кайрылуулардын жана кошумча жол-жоболордун санын азайтат.
BAKAIдын «Элкарт» пенсиялык картасы төмөнкүдөй артыкчылыктарды да сунуштайт:
• дарыканаларда жана оптика дүкөндөрүндө соода кылганда акча түрүндө 5% кешбэк кайтарылат;
• азык-түлүк дүкөндөрүндө соода кылганда 1% кешбэк;
• карта менен башка сатып алуулар үчүн 3% кешбэк;
• картаны чыгаруу жана тейлөө акысыз;
• накталай акча алуу акысыз;
• картадагы акчанын калдыгына жылдык 2% өлчөмүндө пайыз ай сайын эсептелет.
Жаңы кызмат «Элкарт» пенсиялык картасын тариздөөнү жеңилдетип, ашыкча жол жүрбөй, кагаз иштерине убакыт коротпой эле пенсиялык төлөмдөрдү алууга алдын ала даярданууга мүмкүнчүлүк берет.
BAKAI - пенсияңызды түйшүксүз алыңыз!
BAKAI “Элкарт+” профсоюздук карталарын бере баштады: алгачкылардан болуп “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери алышты16 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды9 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди8 октябрь 2026
Кененирээк маалымат