
Bakai Bank BIFF 2025те: технологиялар, финтех жана коомду колдоо — баары бир иш-чарада
Bakai Bank — Кыргызстандын финансы секторунун негизги катышуучуларын чогулткан BIFF 2025 форумунун өнөктөшү болду. Банк технологиялык кызматтарды сунуштап, бизнес-коомчулук менен диалогду күчөтүп, кайрымдуулук демилгесине колдоо көрсөттү.
BIFF 2025 — өлкөнүн финансы тармагындагы алдыңкы эксперттер менен адистерди бириктирген маанилүү платформа. Форумдун алкагында Bakai Bank өнөктөш катары гана эмес, технологиялык жана социалдык күн тартибинин активдүү катышуучусу катары да чыгып, санариптик чечимдерди жайылтууга жана туруктуу өнүгүүгө кошкон салымын көрсөттү.
Bakai Bankтын форумдагы негизги активдүүлүктөрү:
Ишкердик программада Bakai Bankтын санариптик өнөктөшү XRuby компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Андрей Макаров сөз сүйлөдү. Ал банк менен болгон кызматташтыктын практикалык тажрыйбасы менен бөлүшүп, финтех тармагындагы санариптик трансформациянын чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди.
Бул форум — технологияларды көрсөтүүчү гана эмес, түз баарлашуу, идея алмашуу жана банктар, кардарлар жана өнөктөштөр ортосунда ишенимдүү мамиле түзүүчү маанилүү аянтча болду.
Bakai Bank — маанилүү чечимдер кабыл алынып, өзгөрүүлөр башталган жерден эч качан алыстабайт. Анткени биз чыныгы баалуулуктар үчүн иштейбиз, чындап маанилүү нерселер үчүн барбыз.
BAKAI “Элкарт+” профсоюздук карталарын бере баштады: алгачкылардан болуп “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери алышты16 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды9 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди8 октябрь 2026
Кененирээк маалымат