14 апрель 2025
Bakai Bank Jaz Demi 2025 жазгы жарым марафону 4000 катышуучунун башын бириктирди

13-апрелде Бишкек шаарында Кыргызстандын булуң-бурчунан жана ал эле эмес, жакынкы чет өлкөлөрдөн катышкан 4000дей адамдын башын бириктирген, салттуу Bakai Bank Jaz Demi 2025 жазгы жарым марафону өткөрүлдү. Бакай Банктын титулдук өнөктөштүгү менен жетинчи жолу уюштурулуп жаткан бул масштабдуу ири иш чараны биз сыймыктануу менен колдодук.

Мындай демилгелерге кол кабыш кылуу – бул иш чараны уюштурууга кошкон салым менен эле чектелбейт. Бул биздин баалуулуктарыбыздын дагы чагылдырылышы: ден соолук, алдыга карай жылуу, энергия, максатка умтулуу. Спорт адамдардын мыкты болуусуна шык берерине ишенебиз, демек бул жалпы коомду жакшыртат.

Катышуучуларга 3 узундуктагы аралык сунушталган: 5 чакырым, 10 жана 21,1 чакырым, ошондой эле 3 жаштан 13 жашка чейинки кичинекей спорчулар үчүн Kid’s Run балдар жарышы да уюштурулган.  

Иш чараны өзгөчөлөнтүп турган нерсе – Bakai Bank интерактивдүү аймагы болду. Биз жан дилибизди салып даярдаган бул аймактан коноктор:  

            •          Карталарды акысыз алуу жана Pay-стикерлерди кошуп алуу мүмкүнчүлүгүн алышты;

            •          Жасалма интеллекти менен жабдылган Кыргызстандагы алгачкы картоматты сынактан өткөрүп, саналуу мүнөттөрдүн ичинде карталарга ээ болушту;

            •          Жасалма интеллект менен жабдылган фотобудкалардан жана жасалгаланган аймактардан эстеликке сүрөткө түшүштү;

            •          Адистерден кеңештерди алышты;

            •          Ийгилик фортунасынан жагымдуу жана пайдалуу белектерди утуп алышты.

Марафондун жыйынтыгы менен ар түрдүү категориядагы 32 жеңүүчү биздин банктын атынан белектер менен сыйланды. Чуркоо жарышына чыгып, аны аягына чейин басып өткөн ар бир катышуучуну куттуктайбыз, анткени бул жарыштын негизги жыйынтыгы ылдамдыкта гана эмес, эрктүүлүктө!

— Биз менен ден соолук, активдүүлүк жана жаңы бийиктиктерге умтуулуу сыяктуу баалуулуктарыңыздар менен бөлүшкөнүңүздөрдү жогору баалайбыз, — деп белгиледи “Бакай Банк” ААКы Башкармалыгынын Төрайымы Үмүт Абакирова, катышуучулар менен учурашуу сөзүндө. — Jaz Demi жарым марафонун жетинчи жыл катары менен колдоп, Кыргызстандагы спорт маданиятынын өнүгүүсүнө салым кошуп жатканыбыз менен сыймыктанабыз!

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт тармагына багытталган долбоорлорду активдүү колдоп келебиз жана муну менен каржылык уюм эле эмес, калктын келечегинин активдүү өнөктөшү болуу да биз үчүн маанилүү экендигин белгилегибиз келет.

Bakai Bank‘тын 120дан ашуун кызматкери дагы бул күнү жарышка чыгып, жамааттык иштерге катыштыктын, сергек жашоо образынын жана жогорку социалдык жоопкерчиликтин жеке мисалы боло алышты.

 Bakai Bank Jaz Demi 2025 жарым марафону энергиянын, шыктануунун жана биримдиктин чыныгы майрамы болуп калды. Бул күнү биз менен болгон ар бир катышуучуга рахмат. Жаңы бийиктиктерди бирге багындыралы, алга!

glasses

Жеткиликтүүлүк режими

Жөндөөлөр

Шрифттин өлчөмү

Контрасттын түсү

Шрифт

Түстөрдүн схемасы