Bakai Bank «Жакшылык тартуула» долбоорунун алкагында социалдык демилгени ийгиликтүү жыйынтыктады. Кара-Суудагы угуусу начар балдар үчүн атайын балдар бакчасы жана Кашгар-Кыштак айылынын тургундары таза сууга муктаж болчу. Долбоордун аякташы Балдарды коргоо күнүнө туш келгендиктен, банк балдар үчүн майрам уюштурду.
Буга чейин балдар бакчасында суу чыкчу эмес, кызматкерлер сууну кол менен ташып келишчү. Bakai Bank үзгүлтүксүз суу менен камсыздоочу системаны орнотуу иштерин каржылап, балдардын жана айыл тургундарынын сууга болгон муктаждыгын жойду.
«Биз балдардын эң жөнөкөй таза сууга жетпей тарбияланып жатышканын укканда, кайдыгер карап тура алган жокпуз. Бул долбоор жөн гана сөз менен жардам берүү эмес, бул чыныгы көйгөйдү чечүү», — деп билдирди Bakai Bank’тын маркетинг департаментинен.
Долбоор ийгиликтүү аяктаганына байланыштуу банк балдар үчүн майрам тартуулады. Балдар бакчасында 1-июнга арналган иш-чара өткөрүлдү. Кичинекей бөбөктөрдү аниматорлор менен көңүлдүү шоу, шарлар, белектер жана чоң майрамдык торт күтүп турду.
«Ар бир социалдык иш чара — бул келечекке кошкон салым. Айрыкча, кеп балдарга байланыштуу болгондо, токтоосуз салым кошуу зарыл», — деди маркетинг департаментинин директору Айдай Мокушева.
Бул долбоордун амбассадору катары блогер Динара Багышбаева тандалган. Бул демилге Bakai Bank’тын социалдык багытын дагы бир жолу далилдеди. Эл бир нерсеге муктаж болгон учурда колдоо жана берилген жардамдын элге узак мөөнөткө кызмат кылуусун камсыздоо биз үчүн маанилүү.
BAKAI “Элкарт+” профсоюздук карталарын бере баштады: алгачкылардан болуп “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери алышты16 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды9 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди8 октябрь 2026
Кененирээк маалымат