1 август 2025
“Бакай Банк” ААК Туруктуу өнүгүү жөнүндөгү алгачкы корпоративдик Отчетун жарыялаганын маалымдайт. Отчет финансылык эмес маалыматтарды ачып берүүнүн алдыңкы эл аралык стандарттарынын негизинде даярдалган.

“Бакай Банк” ААКтын жыл сайын түзүлүүчү финансылык эмес отчеттуулукка өтүүсү – Кыргыз Республикасындагы алдыңкы финансылык компаниялардын бири жана БУУнун Глобалдык келишиминин катышуусучу катары стейкхолдерлердин кызыкчылыктарын эске алуу менен банк ишмердүүлүгүндө этикаларды сактап, жоопкерчиликтүү, ачык-айкын иш жүргүзүүгө, БУУнун туруктуу өнүгүү максатына кошкон салымын кеңейтүүгө болгон умтулуусун көрсөтөт. 

Жарыяланган Туруктуу өнүгүү жөнүндөгү отчетто “Бакай Банк” ААКтын 2024-жыл ичиндеги жетишкендиктерин, ишмердүүлүктөрүн жана ESG ыкмаларын, ошондой эле көрсөтүлгөн отчеттуулук мөөнөттөн тышкаркы туруктуу өнүгүүгө байланыштуу маанилүү маалыматтарды деталдуу, толук түрдө сунуштайбыз. 

Үмүт Абакирова, “Бакай Банк” ААКтын Башкармалык төрайымы: “Туруктуу өнүгүү жана ESG принциптери “Бакай Банк” ААКтын ишмердүүлүгүнүн көп жылдардан берки корпоративдик философиясынын маанилүү негизи жана ажырагыс бир бөлүгү болуп келет. Бул аракеттер корпоративдик башкаруунун, менеджмент тобокелдиктеринин, кардарлар менен кызматташуунун, адамдардын капиталын өнүктүрүүнүн, социалдык, климаттык жана экологиялык жоопкерчиликтин жогорку стандарттарына басым жасаган “Бакай Банкка” алдыңкы, инновациялык компания катары туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзөт. Бул жааттан алып караганда Туруктуу өнүгүү жөнүндөгү жыл сайын түзүлүүчү отчеттор биздин Банктын кардар, акционер, өнөктөш, кызматкер жана башка стейкхолдерлер менен ESG байланыштарынын негизги куралы катары каралат”. 

2024-жылдагы Туруктуу өнүгүү жөнүндөгү кыргыз, орус жана англис тилдериндеги отчет менен “Бакай Банк” ААКтын расмий сайтынан таанышсаңыз болот.

2024-жыл үчүн туруктуу өнүгүү боюнча отчет

glasses

Жеткиликтүүлүк режими

Жөндөөлөр

Шрифттин өлчөмү

Контрасттын түсү

Шрифт

Түстөрдүн схемасы