
Bakai Bank аралаш мушташ боюнча дүйнөдөгү эң ири уюм — UFC®️ менен болгон стратегиялык өнөктөштүгүн сыймыктануу менен жарыялайт. Бул келишимдин алкагында банк КМШ өлкөлөрүндө, тактап айтканда Армения, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда UFCнин расмий банкы болуп калды.
Бул — Борбор Азия тарыхында биринчи жолу банктын UFC менен өнөктөш болгон өзгөчө окуя. Өнөктөштүк түз эфирдеги беттештерди көрсөтүүнү, биргелешкен маркетинг жана санариптик демилгелерди, ошондой эле Bakai Bankты UFCнин Евразиядагы медиа платформаларына интеграциялоону камтыйт.
Өнөктөштүктүн алкагында жергиликтүү спортчуларды колдоо жана кардарларыбыз менен MMA күйөрмандарына күчтүү эмоция тартуулоо негизги багыттардан болот. Биз UFCнин атмосферасын түз эфирде да, ареналарда да элге жеткиликтүү кылууга умтулабыз.
Bakai Bankтын башкармалыгынын төрагасы Тимур Ибрагимов мындай деди:
«UFC сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги уюм менен кызматташуу — биз үчүн чоң сыймык. Бул жөн гана спорттук өнөктөштүк эмес, энергияга, аракетке жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө багытталган кадам. UFC миллиондогон адамдарды шыктандырат. Биз бул өнөктөштүк Bakai Bank брендине болгон ишенимди бекемдеп, кардарларыбызга эсте каларлык көптөгөн көз ирмемдерди тартуулайт деп ишенебиз. Биз — энергия кайда болсо, ошол жактабыз. Биз — UFC бар жердебиз».
BAKAI “Элкарт+” профсоюздук карталарын бере баштады: алгачкылардан болуп “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери алышты16 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды9 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди8 октябрь 2026
Кененирээк маалымат