
Bakai Bank’тын бизнес-кардарлары мурдагыдан да көбүрөөк санариптик мүмкүнчүлүктөргө ээ болушту. Bakai Business тиркемесинде эми мамлекеттик салыкты төлөм коду боюнча тез, ыңгайлуу жана банкка барып отурбай эле төлөсө болот. Жаңы инструмент Bakai Business тиркемесинде күнү-түнү жеткиликтүү.
Bakai Bank убактысын, ресурстарын үнөмдөгөн ишкерлерге банк сервистерин санариптештирүү менен чечимдерди сунуштоону улантууда. Жаңы функция компания жана жеке ишканаларга мамлекеттик салыктарды экранды бир нече жолу басып эле төлөп коюуга мүмкүнчүлүк түзөт.
Бул кантип иштейт?
1. Bakai Business тиркемесине катталыңыз;
2. “Кызматтарды төлөөгө” өтүңүз → “Мамлекеттик төлөмдөр” → “Салыктарды жана салык карыздарын төлөө (код боюнча төлөм”;
3. Эсепти, төлөм кодун, сумманы жана башка реквизиттерди жазыңыз;
4. Төлөмдү жөнөтүңүз;
5. Чекти дароо көчүрүп же чыгарып алсаңыз болот.
Биз салык төлөмдөрүндө ишенимдүүлүк менен ыкчамдыктын маанилүүлүгүн түшүнөбүз. Жаңы сервис - Bakai Business’ти бизнес үчүн толук кандуу каржылык жардамчы кылууга карай дагы бир кадам.
Функционал 24/7 режиминде иштейт, бул отчёт тапшырган убактарда абдан ыңгайлуу. Эми дем алыш күндөрү да, жумуш убактысынан сырткаркы убактарда да бизнес салык милдеттерин ыкчам түрдө аткара алат.
Жаңы функция колдонууга ыңгайлуу интерфейсинен улам бухгалтер жана ишкерлерден оң пикирлерге ээ болууда.
Bakai Bank — чыныгы маанилүү нерселер үчүн!
BAKAI “Элкарт+” профсоюздук карталарын бере баштады: алгачкылардан болуп “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери алышты16 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды9 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди8 октябрь 2026
Кененирээк маалымат