Bakai Bank колдонууга оңой жана ыңгайлуу Bakai Kassa санариптик чечимин ишке киргизди! Эми ар бир ишкер кассаларды, сатуучуларды жана сатууларды түздөн-түз Bakai Business мобилдик тиркемеси аркылуу башкара алат. Баары жеткиликтүү жана ыңгайлуу: тез, коопсуз жана ашыкча кагаз түйшүгү жок.
Эгер сизде кафе, дүкөн, тейлөө борбору же башка сатуу түйүнү бар болсо, мындан ары кымбат жана татаал кассалык жабдууларды орнотуунун кажети жок. Сиздин смартфонуңуз эми толук кандуу кассага айланат!
Bakai Kassa эмнелерди аткара алат?
«Бизнестин ээси үчүн сатууну да, кызматкерлерди да толук көзөмөлдөө канчалык маанилүү экенин билебиз. Ошондуктан Bakai Kassa — бул ишкерге ыңгайлуулукту жана толук айкындуулукту берген мыкты чечим», — деп белгилешет Bakai Business командасы.
Эми кассалык операцияларды жүргүзүү үчүн терминал же штаттык бухгалтердин кереги жок. Бардык керектүү нерсе — бул Bakai Business интернет-банкына (мобилдик же web-версиясы) кирүү мүмкүнчүлүгү, ошондо сиз бизнесиңизди дүйнөнүн каалаган жеринен башкара аласыз.
Bakai Kassa — бул Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин санариптик келечегине карай жасалган маанилүү кадам.
BAKAI “Элкарт+” профсоюздук карталарын бере баштады: алгачкылардан болуп “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери алышты16 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды9 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди8 октябрь 2026
Кененирээк маалымат