
BAKAI жаңы Mastercard карталарын, Mastercard Gold жана премиалдык Mastercard World Elite картасын ишке киргизет. Карталар кыргыз сому (KGS) жана евро (EUR) валюталарында жеткиликтүү болуп, кардарларга күнүмдүк төлөмдөр, эл аралык сатып алуулар жана дүйнө жүзү боюнча саякаттар үчүн ыңгайлуу чечимди сунуштайт.
Mastercard World Elite – премиалдык деңгээлдеги комфорт
Mastercard World Elite жогорку деңгээлдеги сервисти баалаган жана көп саякаттаган кардарлар үчүн түзүлгөн.
Картанын артыкчылыктары:
✔️ дүйнө жүзүндөгү LoungeKey бизнес-залдарына чексиз кирүү мүмкүнчүлүгү
✔️ Mastercard Travel Experiences аркылуу аэропорттордо Fast Track кызматы
✔️ глобалдык дата-роуминг
✔️ саякат учурунда медициналык камсыздандыруу
✔️ сапар маалында жаралган ыңгайсыздыктардан камсыздандыруу
✔️ Mastercard’дын өнөктөштөрүнөн эксклюзивдүү арзандатуулар жана сунуштар
✔️ тейлөөнүн жогорку деңгээли жана эл аралык артыкчылыктар
Mastercard Gold – күнүмдүк сатып алуулар жана саякаттар үчүн
Mastercard Gold күнүмдүк жашоодо эл аралык картаны активдүү колдонгон кардарларга ылайыктуу.
Картанын артыкчылыктары:
✔️ дүйнө жүзү боюнча товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү
✔️ 3D Secure технологиясы менен коопсуз онлайн сатып алуулар
✔️ контактсыз төлөм
✔️ BAKAI тиркемеси аркылуу башкаруу
✔️ Mastercard’дын өнөктөштөрүнөн атайын акциялар жана сунуштар
✔️ мейманканаларды брондоодо жана авиабилеттерди сатып алууда ыңгайлуулук
BAKAI’дын Mastercard карталары – бул эл аралык сервистердин жана артыкчылыктардын жаңы деңгээли.
Mastercard’дын жаңы линиясы эми BAKAI кардарлары үчүн жеткиликтүү.
BAKAI “Элкарт+” профсоюздук карталарын бере баштады: алгачкылардан болуп “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери алышты16 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды9 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди8 октябрь 2026
Кененирээк маалымат