
13-октябрда “Кыргыз почтасы” ААКсынын кызматкерлерине BAKAI банкы чыгарган алгачкы “Элкарт+” профсоюздук банк карталары тапшырылды. Бул Кыргызстандагы Кесиптик биримдиктер федерациясы, BAKAI жана “Элкарт” улуттук төлөм системасы биргелешип ишке ашырып жаткан ири социалдык долбоордун алгачкы практикалык этабы. Келечекте долбоор өлкө боюнча 347 миңден ашуун профсоюз мүчөсүн камтыйт.
Жолугушууга Кыргызстандагы Кесиптик биримдиктер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу, BAKAI банкынын чекене бизнес боюнча башкаруучу директору Альмира Исабекова жана “Кыргыз почтасы” ААКсынын кызматкерлери катышты.
Жаңы карта үч функцияны бириктирет: банк картасы, профсоюздук күбөлүк жана лоялдуулук программасы. Долбоордун алгачкы этабында учурда колдонулуп жаткан профсоюздук дисконттук карталардын ордуна 30 000 жаңы карта чыгаруу пландалууда. Алдыда долбоор Кыргызстандагы Кесиптик биримдиктер федерациясына мүчө болгон 347 560 адамды камтымакчы. Алар 6 037 баштапкы профсоюздук уюмга биригишкен.
Бүгүнкү күндө Федерация экономиканын 16 тармагындагы кызматкерлердин кызыкчылыгын коргойт. Алардын катарына билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик кызмат, энергетика, курулуш, өнөр жай, транспорт, айыл чарба жана соода тармактары кирет.
“Биз үчүн кесиптик биримдикке мүчө болуу адамга эмгек укуктары менен кызыкчылыктарын коргоодон тышкары, күнүмдүк жашоосунда да реалдуу артыкчылыктарды берүүсү абдан маанилүү. Бүгүн биз макулдашуулардан конкреттүү натыйжаларга өтүп, мүчөлөрүбүзгө алгачкы профсоюздук банк карталарын тапшырып жатабыз. Жаңы карта ыңгайлуу курал болуп, кызматкерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө бир топ пайда алып келет деп ишенем”,- деп белгиледи Мурадил Жумадилде уулу.
“Элкарт+” картасы аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө, которулган акчаларды алууга жана заманбап банк кызматтарынан пайдаланууга болот. Мындан тышкары, картанын ээлери программага катышкан өнөктөштөрдүн төмөнкү багыттар боюнча атайын арзандатууларына жана сунуштарына ээ болушат:
* медициналык кызматтар жана ден соолукка керектүү товарлар;
* балдар үчүн товарлар жана билим берүү;
* ресторандар, кафелер жана коомдук тамактануу жайлары;
* мейманканалар, эс алуу жана туристтик кызматтар;
* авиабилеттер жана жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары;
* сулуулук салондору жана кам көрүү кызматтары.
“Кыргыз почтасынын” кызматкерлерине алгачкы карталардын тапшырылышы – Кыргызстан боюнча жүз миңдеген кызматкерлер үчүн финансылык технологияларды жана социалдык артыкчылыктарды бириктирген долбоорду иш жүзүнө ашыруунун башталышы.




Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды9 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди8 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI Борбор Азия банктарынын ичинен биринчи болуп Гонконгдо филиал ачат: Тимур Ибрагимов менен маек7 октябрь 2026
Кененирээк маалымат