4 июнь 2025
Акча өзү чогулат! Бул BakAi Копилка

Биз акча топтоонун жаңы ыкмасын иштеп чыктык — BakAi Копилка.  Бул каалган максатта жана сом, рубль, доллар же евро болобу, айтор каалаган валютада каражат топтоонун ыңгайлуу жана акылдуу ыкмасы.

BakAi Копилка каражат топтоого көмөк гана болбостон, топтолгон суммага жылдык 12%га чейинки пайыздардын чегерилишинин эсебинен киреше да алып келет. 

Бул инструмент менен сиз валютаны, акча топтоонун максатын жана толуктоонун ылайыктуу ыкмасын тандап алып топтолгон каражатыңызды оңой башкара аласыз. Мунун баары мобилдик тиркемеде 24/7 режиминде жана ашыкча түйшүксүз жеткиликтүү.

BakAi Копилка дагы эмнелерди сунуштайт?

1.         Ыңгайлуу шарттар – каражат топтоонун максатын каалаган учурда өзгөртүңүз

2.         Ыңгайлуу толуктоо – күн сайынкы/ай сайынкы автоматтык түрдөгү толуктоону тандаңыз

3.         Балансыңызды тоголок сан кылуу үчүн кошумча толуктоо ыкмасы. Мисалы, сиздин картаңызда 565 сом калды дейли, сиз аны он сомго чейин тоголоктоп коюуну тандадыңыз. 5 комду сиздин Копилкаңызга которобуз. Тоголоктоо кадамдары 10, 50 жана 100 сомго чейин болот.

4.         Копилканы чектөөсүз ар кандай максаттарда ачыңыз.

Копилканы кантип ачса болот?

1.         BakAi  тиркемесин Google Play жана App Store’дон көчүрүп алыңыз же акыркы версиясына жаңылаңыз

2.         Башкы беттен “Копилка ачуу” баскычын тандаңыз

3.         Копилка тууралуу жазыңыз: максаты, суммасы, мөөнөтү жана валютасы.

4.         Даяр! Копилка ачылды!

Тиркемеде экранды бир-эки баскылап эле өз максатыңызга карай жол тартасыз. BakAi менен биргеликте каражатты оңой жана пайдалуу шартта топтоңуз! Копилка ачуу.

glasses

Жеткиликтүүлүк режими

Жөндөөлөр

Шрифттин өлчөмү

Контрасттын түсү

Шрифт

Түстөрдүн схемасы