
BAKAI Камсыздандыруу саякатчылардын камсыздандыруусун тариздөө үчүн жаңы онлайн-сервисти ишке киргизди. Сервис сайт же BakAi тиркемеси аркылуу санариптик форматта полисти толугу менен толтурууга шарт түзөт. Эми кардарлар кеңсеге барып же болбосо менеджердин чалуусун күтүп отурбайт: бардык процесс бир нече мүнөттүк гана убакытты алат.
Саякатчылардын камсыздандыруу үчүн онлайн-сервиси чет өлкөлөргө чыгууда алына турган камсыздандырууну мүмкүн болушунча оңой, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу үчүн түзүлгөн.
Полисти толтуруу үчүн кардар болгону төмөнкүлөрдү аткарат:
Система электрондук түрдө сактап же кагазга чыгарып алса боло турган саякатчыларды камсыздандыруу үчүн даяр полистерди автоматтык түрдө түзүп берет. BakAi тиркемесин колдонгондорго бул процесс мындан да оңой, камсыздандырууну смартфондон эле, экранды бир нече жолу баскылоо менен тариздей алышат.
• 24/7 жеткиликтүү — полисти каалаган учурда, ал тургай учар алдында да тариздөөгө болот;
• Тариздөө болгону 3–5 мүнөттө – эч кандай кезек күтүү, бир жакка баруу, чалуу деген түйшүктөр жок;
• Ыңгайлуу онлайн-төлөм;
• Юридикалык маанилүүлүк — полис автоматтык түрдө түзүлөт жана эл аралык талаптарга жооп берет:
• Маалыматтардын коопсуздугу — сервис эл аралык коргоо стандарттарына шайкеш иштейт.
Биз камсыздандырууну мүмкүн болушунча оңой, ыңгайлуу жана заманбап кылууга умтулабыз.
Саякатчыларды камсыздандыруу үчүн онлайн-сервиси кардарларга полисти сайт же BakAi тиркемеси аркылуу болгону 2 мүнөттө ачууга мүмкүндүк берет. Кардар ал BAKAI’дын коргоосунда экенин билүү менен ишенимдүү, тынч саякаттай алат.
Полисти азыр эле BakAi тиркемеси аркылуу онлайн тариздеңиз.
BAKAI “Элкарт+” профсоюздук карталарын бере баштады: алгачкылардан болуп “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери алышты16 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды9 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди8 октябрь 2026
Кененирээк маалымат