
Эң керектүүнүн баары!
Бакай Банкы банктык технологиялар рыногунда кайрадан тренд киргизип жатат. Visa Gold картасын колдонуучулар үчүн уникалдуу сунуш катары Bakai Pay төлөм стикерлерин өлкөдө алгачкы болуп Бакай Банкы киргизүүдө. Эми төлөмдөрдү жүргүзүү мурдагыдан да кыйла жөнөкөй болуп калат. Ал үчүн капчыктан картаңызды же накталай акча алып чыгып отурбайсыз. Стикерди оңой жерден эле терминалга такап коёсуз, болду, төлөм ишке ашып калат. Стикердин жардамы менен NFC функциясы аркылуу банкоматтардан акча чыгарып алса да болот.
Төлөм стикери деген эмне?
Төлөм стикери — бул NFC (Near Field Communication) технологиясы менен жабдылган, контактсыз ылдам төлөм жүргүзүүчү чакан түзмөк. Ал кичинекей жана стилдүү болгондуктан телефон, капчык же дайыма жаныңызда алып жүрүүчү бардык буюмга оңой бекитилет. Мындай стикер кардарларга бир эле кыймыл аракет менен төлөм аткарууга шарт түзүп, процессти ылдам жана ыңгайлуу ишке ашырат.
«Бакай Банктын» төлөм стикерлеринин артыкчылыктары:
• Ыңгайлуулук: картаны же накталай акчаны издеп отуруунун зарылчылыгы жок.
• Ылдамдык: төлөм саналуу секундаларды гана талап кылат.
• Коопсуздук: NFC технологиясы маалыматтардын ишенимдүү сакталышын камсыздайт.
• Артыкчылыктар: Visa Gold картасынын колдонуучулары картасынын бардык артыкчылыктарын сактап кала алат.
Мындан тышкары, Бакай Банк өз кардарлары үчүн төлөм стикерлерин акысыз берет. Акциянын мөөнөтү чектелүү, андыктан шашылыңыздар!
Бакай Банк
Сиздин инновациялык банкыңыз.
BAKAI “Элкарт+” профсоюздук карталарын бере баштады: алгачкылардан болуп “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери алышты16 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды9 октябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди8 октябрь 2026
Кененирээк маалымат