Биздин команда финалдык беттеште Бай Түшүм банктын командасы менен күч сынашты жана атаандашын 5:3 эсебинде жеңип, чемпион болду. Жогорку чеберчиликтеги оюн көрсөтүп, мыкты спорттук маанай тартуулашкан биздин футболчуларыбыз менен терең сыймыктанабыз.
Оюнчуларыбыз күжүрмөн эмгек менен даярданышып, ушундай ийгиликке жетишкендиги үчүн аларга ыраазычылык билдиребиз. Ушул жеңиш биздин футболчуларга дем-күч берип, спортто эле эмес кесипкөй жаатта дагы жаңы бийиктиктерди багындырууларына өбөлгө болот деп ишенебиз.
Биздин банкыбыздын спорттук иш-чараларга колдоо көрсөткөндүгү, фуболчуларыбызга жаңы жеңиштерге жана мыкты натыйжаларга жетүүсүнө шарттарды түзүп бергендиги бизди сыймыктандырат.
Дароо алып, акысын бөлүп төлөңүз: BAKAI «Бөлүп төлөө» кызматын ишке киргизди20 ноябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAI Mastercard компаниясынын «Жылдын мыкты маркетингдик кампаниясы» сыйлыгын алды13 ноябрь 2026
Кененирээк маалымат
BAKAIдын «Элкарт» пенсиялык картасын Соцфондго барбай тариздеңиз!19 октябрь 2026
Кененирээк маалымат